КЫЧКАЧ

КЫЧКАЧ — зергердин аспабы. Муну менен жашыган күмүштү, күжүдөгү чоктонгон темирди кыпчып алып, дөшүгө коет. Бул жашык металлдан жасалат. Ичке, майда нерселерди кармоого эптүү эки учу учтуураак, жаактары бүкүрүңкү келет да, шакектелип коюлат.

Кычкачтын бөлөк түрлөрү да бар. Мисалы, төрт чарчыланган анын ички учу быдырлуу келген, нерсени шып кыпчып чабууга, мык суурууга ылайыкташат. Аны усталар «аңырооз» дешет. Ал аттишке окшошуп кетет. Кычкачтар ар кандай түспөлдө жасалып, «кыпчуур», «чымчуур» деп бөлүнөт.