КӨП ПАРТИЯЛУУЛУК

КӨП ПАРТИЯЛУУЛУК – коомдо бир нече саясий партиялардын болушу жана аракет кылышы; коомдун саясий  системасынын белгилеринин бири. К. п-тун объективдүү негизин төмөнкүлөр түзөт: а) коомдогу социалдык  бөлүнүүчүлүк, таптардын, улуттардын, диндик бирикмелердин ж. б. өзгөчө кызыкчылыктары бар социалдык  жалпылыктардын болушу; б) ар бир социалдык топ, катмар, бирикмелер үчүн жалпы социалдык-саясий  кызыкчылыктардын болушу, в) үстөмдүк кылуучу таптагы ж. б. социалдык топторду парламент жана жергиликтүү  бийлик үчүн, шайланма кызматтар үчүн пайдалануу, мамлекеттик заказдар жана программалар үчүн күрөшүү  ишмердүүлүгүнүн болушу. Коомдун социалдык структурасы канчалык татаал болсо көптөгөн саясий партиялардын  пайда болушуна жана иштешине ошончолук көп негиз болот. Азыркы учурда көптөгөн мамлекеттерде бир эле мезгилде  ондогон жана жүздөгөн саясий партиялар жашайт. Алардын ичинен мамлекеттик иштерди башкарууга, адатта, бир нече  партия гана катышат. К. п. коомдун саясий системасынын демократтуулугунун шарты. Бирок бардык эле көп партиялуу  система демократиялуу боло бербейт.

Демократтык процесстин өнүгүшүнүн зарыл жана аныктоочу шарты: саясий  партиялардын калктын кеңири массасы менен жана алардын өкүлчүлүк органдары менен тыгыз байланышы; партиялар  тарабынан эл массасынын кызыкчылыктарын туура чагылдырылышы, партиялар эл менен өкмөттүн ортосундагы  чыныгы данакер болуусу; Италиялык саясат таануучу Сарторинин пикири боюнча, бир өлкөдө бештен ашык саясий  партиянын болушу максатка ылайык келбейт.