ЛАО-ЦЗЫ

ЛАО-ЦЗЫ, Л и Э р жашаган жылдары белгисиз, салт боюнча Конфуцийдин улуу замандашы катары эсептелет) –  Байыркы Кытай трактаты «Лао-Цзынын» (байыркы аталышы «Дао-дэ-цзин» б. з. ч. IV–III к.) автору. «Дао-де-цзин»  китебинде берилген Л. окуусу – лаосизм башкы принцип катары «Увэй – иш кылбоо» (недеяние) теориясын берет. Бул  жөн эле иш кылбоо эмес, бул жаратылышка баш ийүү, табигый тең салмактуулукту бузбоо, адамдын Жаратылыш менен  биримдигине жетишүү. Маданиятка жана мамлекетке Л. ишенбөөчүлүк менен мамиле кылат. Анын көз карашы боюнча  акылман-башкаруучу байлык менен согушту четке кагып, адамдарды маданият менен мораль пайда болгонго чейинки  жөнөкөй жана карапайым жашоого алып барууга тийиш. Л. окуусуна ишенгендер аскетизмге барууга мажбур болушуп,  акыры I–III к. даосизм дининин пайда болушуна алып келген. Ал диндин негизинде өлбөстүккө жетишүү жана бул үчүн  ар кандай алхимиялык аракеттерди жасоо, магия жатат.