ЛЕГИТИМДЕШТИРҮҮ

ЛЕГИТИМДЕШТИРҮҮ (мыйзамдуу) – саясатта кандайдыр бир аракет, окуя, фактыны коомго мыйзамдаштырып  таанытуу. Л. юридикалык функцияга ээ эмес жана укуктук процесс болуп саналбайт. Л. саясат, бийликти бекемдейтсаясий чечимдерди актайт. Саясатта Л. анын бардык факторлоруна таралат: бийликке, методдоруна, документтерге ж. б.  М. Вебер Л-нү төмөнкүчө классификациялайт: 1) традициялык (жазылбаган адат-салтка таянуу); 2) харизматикалык,  эмоционалдык, б. а. жеке адамга сыйынуу: 3) рационалдуу, мыйзамдарга таянуу. Бийликтин куралы катары да, коомдук  көзөмөлдүн куралы катары да чыгат.