ЛЕНИН (Ульянов) Владимир Ильич

ЛЕНИН (Ульянов) Владимир Ильич (1870–1924) – марксизмдин теоретиги, РСДРПнын уюштуруучусу жана Совет  мамлекетинин биринчи лидери. Л-дин саясий ойго кошкон салымы – революциячыл уюштуруу теориясы. Ал  революциячыл партиялардын түзүлүшү жана милдеттери, таптар жана алардын саясий мобилдөөчү ролу, социализмге  глобалдуу өтүү үчүн зарыл шарттарды түзгөн капитализмдин акыркы доору сыяктуу проблемаларды изилдөөдө айрыкча  белгилүү. Марксизмдин мазмуну – таптык күрөш жөнүндөгү окуу, Л-ге таандык. Ал империализмге эки антагонисттик  таптын – буржуазия жана пролетариаттын ортосундагы карама-каршылыктар курчуп, пролетариаттардын жеңиши үчүн  анын диктатурасынын орношу менен аяктаган таптык күрөш күч алат деп ойлогон. Л. жумушчу коммунисттик  партиянын болушун пролетариаттын жеңиши үчүн шарт деп эсептеген. Партия – жумушчу табынын авангарды.  Партиянын максаты – жумушчу жана башка эзилүүчү таптарды буржуазия менен болгон саясий күрөшкө тартуу,  пролетариаттын диктатурасын орнотуу жана коммунизмге өтүүнү камсыз кылуу. 1917-ж. Октябрь революциясынын  алдында Л. Маркс-тын Париж Коммунасына болгон көз карашы менен Советтер идеясын бириктирип, мамлекет  тууралуу марксисттик окууну өнүктүргөн. «Мамлекет жана революция» (1917) эмгегинде Ленин пролетариаттын  диктатурасынын формасы катары кеңештердин өзгөчөлүгүн анализдеп, мамлекеттин келечегин жана начарлоо  шарттарын аныктаган.

Коммунисттик Интернационалдын лидери катары ал башка партиялардын мүчөлөрүнө  большевиктик уюмдук принциптерди жана Россиянын революциячыл тажрыйбасын таңуулоого мүмкүнчүлүк берген.  Ошону менен бирге конституциялык өнүгүүнү жана бара-бара реформалоо жолун тандаган Батыш Европанын социалдемократиясы менен ажыроо, бөлүнүү процессин тездеткен.