ЛИБЕРАЛИЗМ
ЛИБЕРАЛИЗМ (лат. liberalis — эркиндик, эркиндикке караштуу) – саясий маданияттын башаты, коомдук турмуштун, индивиддин саясий-экономикалык, системалык нравалык багыты. Тар маанисинде Л. – мамлекеттин аз кийлигишүүсү астында эркин конкуренция, рыноктук механизмдерди сактап калууга умтулган либералдык партиянын саясаты. Л. идеялык негизин түзгөндөр: 1) адамдардын тендиги; 2) индивидуалдуу эрк 3) рационалдуулук; 4) тартып алууга мүмкүн болбогон укуктар: жашоо үчүн укукту, менчик, эркиндик укуктарын камсыз кылуу. 5) жалпы консенсустун негизинде мамлекетке биригүү; 6) мамлекет менен инсандан мамилесинин келишимдик мүнөзү; 7) мыйзам – социалдык көзөмөлдөн куралы; 8) мамлекеттин ишмердүүлүгүн чектөө; 9) адамдын жеке турмушуна мамлекеттин кийлигишпөөсүн камсыздоо; 10) дин эркиндиги ж. б. Ушул шарттардын комплекси конституционализмди түзөт. Конституционализм системасы: 1) Мыйзам чыгаруучулардын ишмердүүлүгүн чектейт; 2) Мыйзамдын белгилүү чектерин белгилейт;
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Л. көп касиеттерин жоготкон. 70–80-ж. консенсустун бузулушу, глобалдык проблемалардын күчөшү Л-ди өзгөрүүлөргө дуушар кылды. Л. айрым принциптерин өзгөртүп, ыңгайлашууга туура келип жатат – жаңы неолиберализм Л. агымдын пайда болушу байкалууда.