ЛОГИКАЛЫК ТАЛДОО ФИЛОСОФИЯСЫ

ЛОГИКАЛЫК ТАЛДОО ФИЛОСОФИЯСЫ — аналитикалык философиянын агымы, ал философияны тил м-н азыркы учурдагы формалдуу (математикалык) логиканын каражаттары аркылуу аны пайдаланууда келип чыгуучу проблемаларды Л. т-го ыйгарат. Л. т. ф-нын пайда болушу ж-а өнүгүшү илимдерди математикалаштыруунун ургаалдуу процесси ж-а логикалык формалдаштыруу методдорунун өнүгүшү, ошондой эле ушул методдордун жардамы м-н салттык философиялык проблемаларды чечүүгө болгон аракеттер м-н байланышкан логикалык-методологиялык проблематикага кызыкчылыктын жогорулашы м-н шартталган. Бул проблематиканы изилдөө, ошондой болсо да философиянын дүйнө таанымдык маанисин позитивисттик тануу м-н Л. т. ф. байланыштуу болуп чыккан. Л. т. ф-нын негизги идеясы биринчи жолу ар кандай илимий ой жүгүр-түлгөн философиялык проблема маңызы б-ча формалдуу-логикалык проблема болот деген тезисти сунуш кылган Рассел тарабынан түзүлгөн.