МААЛЫМДУУЛУК, БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ

МААЛЫМДУУЛУК, БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ демократиянын башкы атрибуту; ансыз демократиялык саясий  система функция аткара албайт. Бир гана М. б. с. э. шарттарында граждандардын сөз эркиндиги, өз көз караштарын  билдирүү укугу реалдуу болот. Эгерде шайлоочулар коомдогу жана дүйнөдөгү иштердин (окуялардын), бийлик  структураларынын абалы, саясий партиялардын платформалары, алардын лидерлери тууралуу толук маалымат  алышпаса, саясий шайлоо эркиндиги болушу мүмкүн эмес. Эгерде массалык маалымдоо каражаттары шайлоочуларды  бул же тигил идеологиянын артыкчылыгын ынандырууга аракет кылган, аларга мамлекеттин жана коомдук  проблемалары жөнүндө өз түшүнүктөрүн таңуулаган, өзүлөрүнө пайдасыз (ыңгайсыз) маалыматты жашырган бир саясий  партия же мамлекеттик чиновниктер тарабынан тескелсе (текшерилсе) анда М. б. с. э. жөнүндө айтуу мүмкүн эмес.  Мындай текшерүү, саясий цензура саясий жаңылыштыкты жетишкендик деп көрсөтүүгө, коррупция, бийликти  кыянатчылдык менен пайдалануу фактыларын жашырууга, террорист-тик репрессиялык саясатты актоого мүмкүнчүлүк  берет. Мындай учурда элдин эркин толук көлөмдө чагыл-дырбай, колунда барлардын бийлиги тарабынан саясий  манипуляциялоонун объектиси болуп калат.

Албетте, М. б. с. э. демократтык коомдо да абсолюттуу болбойт.  Маалыматуулук ошону менен бирге массалык маалымат каражаттары үчүн тыюу салынган теманын жоктугуна, кандайдыр бир чектөөсүз түрдө көз караштарды жана ойлорду чагылдыруу, түрдүү кабарларды пайдалануу жана басып  чыгаруу мыйзам тарабынан куугунтуктала турган мамлекеттик, мекемелик жана коммерциялык сырлардын болгондугун  жокко чыгарбайт. Бул кандайдыр бир өлчөмдө кабарларды алуу жана жайылтуу булактарын чектейт. Андан соң,  массалык маалымат каражаттары цензурага дуушар болбогонуна карабай (согуш убагынан башкысы), басылып жаткан  материалдын тактыгы үчүн жоопкерчиликтүү болушат. Эркин пресса сыяктуу эле, ар бир гражданин, менчик компания,  мамлекеттик мекеме алардын ишмердүүлүгүн кемсинткен жана толугу менен фактыларга жооп бербеген маалыматтын  ачыкка чыгышы менен келтирилген залалы үчүн компенсация талап кылуу менен кайрылууга укугу бар. Өзүнчө алынган  маалымат каражаттарын толугу менен эркин деп эсептүүгө негиз жок. Газеталар, радио жана телекорпорациялар  өзүлөрүнүн окурмандарынын жана угуучуларынын оюндагыларын жана күткөндөрүн эсепке алат, алардын  акцияларынын контролдук пакеттерин кармоочулардын жана коммерциялык реклама менен камсыз кылган  фирмалардын директорлорунун каалоолору менен эсептешишет. Рынок экономикасынын убагында, саясий плюрализм  шарттарында массалык маалымат каражаттарынын чөйрөсүнө аракеттенген компаниялар ортосунда атаандашуунун  болушу менен бардык газеталарга, радио жана телекөрсөтүүгө жалпы улуттук масштабда бирдиктүү «жолду» камсыз  кылуу практикада мүмкүн эмес. Мындан башка көп өлкөлөрдө шайлоо алдындагы кампания убагында бардык  талапкерлерге, анын ичинде маргиналдык саясий күчтөрдө көрсөтүүчүлөргө да, бирдей убакытты бөлүп берүүгө  телекомпанияларды милдеттендирген мыйзамдар бар. Албетте, жетектөөчү партиялардын талапкерлери өз көз  караштарын чагылдыруу үчүн кошумча убакытты сатып алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Жалпысынан, басма сөз  эркиндигин массалык маалымат каражаттарынын көз карандылыгы эмес, өлкөдө граждандарга түрдүү маалыматтарды  эркин алуу укугу менен пайдаланууга мүмкүндүк берген, көп сандаган түрдүү багыттагы басма, радиотелекомпанияларынын болушу камсыз кылат. «Жабык» коомдордун иштөө мүмкүнчүлүгүн абдан чектей турган  бирдиктүү дүйнөлүк маалымат мейкиндигинин калыптанышы М. б. с. э-нан өнүгүшүндө зор роль ойногон. Эл аралык  радиокабар берүүнүн өнүгүүсү менен тоталитардык мам-лекеттердин граждандары да белгилүү өлчөмдө альтернативдүү  кабарлардын, анын ичинде өз өлкөлөрүндөгү иштердин абалы тууралуу булак-тарына жол ачкан. Тоталитардык тартипке  эл аралык кабар алмашууну, минимумга жеткизүү менен катуу текшерүүгө умтулуу таандык. Цен-зурадан өтпөгөн жана  санкция-ланбаган алмашуу дос эмес өлкө-лөрдүн «маалымат агрессиясы» катары бааланып, өз мамлекетинин  граждандары үчүн, атайын укук берилген адамдардан башка, цензурадан өтпөгөн чет өлкөлүк кабарлардын булагын  пайдалануу – начарлатуу ишмердүүлүгүнө теңдел-ген. Бирок ошондой болсо да адам укугун гарантиялаган, эл аралык  таанууга ээ болгон нормалар, негизинен 1948-ж. Адам укугунун жалпы декларациясы, ар бир адам кабарларды жана  идеяларды мам-лекеттик чек арага карабастан түрдүү каражат менен издеп алып, жый-натууга эркин деп болжойт (19-  статья). 1975-жылы гана СБСЕнин Хельсинкидеги Бүтүрүүчү актысына кол коюу менен бирге Советтер Союзу өзүнө  кабар тармагында эл аралык алмашууга жардам берүү милдеттүүлүгүн алган. Бирок, реалдуу түрдө маалымдуулук жана  басма сөз эркиндиги СССРде кайра куруу процессинин жүрүшүндө бекитилип, 1991-ж. августунан кийин Кыргыз-станда  жаңы өнүгүүгө ээ болгон.