«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ»

«МАЖМУ-АТ-ТАВАРИХ», « Тарыхтар жыйнагы » – 1495-ж. фарсы тилинде жазылган чыгарма. Автору – Сайф ад-Дин Ак-сикенди (Сайпидин Аксылык) өзү бүтпөй калып, аны уулу Орозбай (Ноорузбай) улантып жазып бүтүргөн. Сайпидин Аксылык эмгегинде кыргыздарды оң ж-а сол деп бөлүп, оңго Ак уулдан тараган Отуз уул ж-а Солусбек Булгачыны кошот. Ал эми солго Куу уул кирет. Бул эмгекте 12-к-да, б. а. 1127- ж. кыргыздардын оң ж-а сол канатка бөлүнгөнү, алардын түпкү атасы Аналхак болгону, Аналхак Ак уулга чейин 20 ата, Куу уулга чейин 23 ата өткөнү тууралуу кабар берет. Оң канатка (отуз уулга) адигине, муңгуш, карабагыш, тагай, сарыбагыш, дөөлөс, черик, азык, моңолдор, коңурат, чекир ж. б. уруулар кирген (санжыра бча кара чорого багыш, суумурун, келдике, баарын уруулары кошулат). Тагайдын чоң бөлүмдөрү – наймандан жедигер, кылжырдан бугу, богорстондон солто уруусу, алардан башка кара чоро, саяк саналган. Адигинеге болсо анын өзү гана кирген (санжыра б-ча адигинеге жору, бөрү, баргы, сарттар ж. б. уруулар кошулат). Солусбек Булгачыга бостон, тейит, жоокесек, дөөлөс, кыдырша, канды уруулары кирген (санжыра б-ча ага кесек, ават, оргу, нойгут, кыпчак, найман ж.б. уруулар кошулат). Солго (Куу уул) саруу, кушчу, мундуз, басыз, чоң багыш, кытай уруулары кирген (санжыра б-ча ага жетиген, дөбөт уруулары кошулат). Ак уул, Куу уул ж. б. шайык Сейит Мир Жалилдин мезгилинде (15-к.) жашап, аны м-н байланышып турган тарыхый инсан катары көрсөтүлүп, алардын кимден таралганы саналат. Чыгармада негиздүү тарыхый окуялар да чагылдырылган. Мис., кидандардын (кара кытайлардын) Орто Азияга, Кыргызстанга жасаган чабуулу ж-а аларга каршы жергиликтүү элдин күрөшү. Чыгармада «Манас» эпосуна тиешелүү окуялар да орун алган. Автор Манасты тарыхый инсан катары карайт. «М.-а.-т.» Манас ж-дө берилген эң биринчи жазуу түрүндөгү 15-к-га таандык маалымат. Бул эмгек кыргыз тилине которулган.