МАКС ШЕЛЛЕР

ШЕЛЕР Макс (1874-1928) — немец философу; Кельнда (1919-1928), Франкфурт (1928) профессор; Эйкендин шакирти. Ш. Гуссерлдин феноменологиялык методун этика, маданият философиясы ж-а дин чөйрөсүнө көчүрүп келип, ыймандык дөөлөттөрдү «өзгөрбөс «маңыздары» катары чагылдыруу м-н Канттын формалдык этикасына дөөлөттөр ж-дөгү материалдык окууну карама-каршы койгон. Анын негизги изилдөө тармактары-баяндап жазуу психологиясы, атап айтканда, сезим психологиясы ж-а өтө кеңири мааниде алынган «билим социологиясы» болгон. Мында ал диний, метафизикалык, илимий ой жүгүртүүнүн (алардын Кудайга, дүйнөгө, дөөлөттөргө, турмушка карата жасаган мамилесине таянып) бир катар тибин айырмалап көрсөткөн ж-а аларды коомдук, практикалык-мамлекеттик ж-а экономикалык турмуштун белгилүү бир түрлөрү м-н байланыштырууга аракеттенип Ш-дин пикири боюнча сырттан көз жүгүрткөн ж-а таанып- билүүчү адамга объективдүү, адам тарабынан жаратылбаган ар бирин сырттан кабылдоого боло турган өз маңызына ж-а өз мыйзамына (маңыздуу мыйзамдарга) эгедер болгон заттык дүйнөлөр карама-каршы турат; булардын акыркылары тийиштүү заттык дүйнөлөр жашап турган эмпирикалык мыйзамдардан жогору турушат, алардагы бул маңыздар кабылдоонун натыйжасында айкын болот. Ушул мааниде Ш. философияны маңыз ж-дөгү жогорку, көлөмү өтө кеңири илим деп эсептейт. Өзүнүн руханий изденүүлөрүнүн аяк ченинде Ш. католиктик диний ачылыш тууралуу көз караштарынан четтеп пантеисттик ж-а анын алкагына бардык илимдерди, анын ичинде антропологияны да кошкусу келген. Ошентсе да ал өзүнүн феноменологиялык- онтологиялык көз карашы толук бойдон четтеп кете алган эмес, бирок ал өз философиясынын чордонуна философиялык антропологиянын проблемаларын коюп, а түгүл бул багыттын негиздөөчүсү да болгон. Ш. ошондой эле теогония проблемаларын да үңүп изилдеген.