МАЛА ХАН, Малабек Шераалы уул

МАЛА ХАН, Малабек Шераалы уулу (1832–1862) –1858–62-ж. Кокон хандыгын бийлеген хан. Кудаяр хандын аталаш агасы (кыргыздардын оң канат бөлүгүнө кирген багыш уруусунун кызы Сонайымдан төрөлгөн). Кудаяр хан бийликте турган кезде, ал Анжиян ш-нын акими болгон. Кудаяр хандын эл камын ойлобогон бийлигине наа-разы Малабек кыргыз, кыпчак төбөлдөрү-нө таянып, бийликти алуу үчүн күрөш   146 баштаган. Ал кыймылга алайлык кыргыздардын бийи Алымбек датка активдүү катышкан. Маргалаңдын жанындагы Самгар деген жердеги салгылашта Кудаяр хандын аскери талкаланып, 1858-ж. ноябрда Малабек такка отурган. М. х. алсызданып бара жаткан мамл-тин саясий бийлигин ж-а аскер күчүн чыңдоого киришип, хандыктын ички абалын тартипке келтирген. М. х-дын тушунда кыргыздардан Алымбек датка, Алымкул, Кыдыр, Чотон, Сейитбек, Касым датка ж.б. мамл-тин саясий ж-а аскер иштеринде жогорку мансаптарды ээлешкен. М. х. 1862-ж. ордодогу саясий күрөштүн курманы болгон.