МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ мамлекеттин милдеттерин жана функцияларын ишке ашырууга багытталган  мамлекеттик ишмердүүлүктүн формаларынын бири, мамлекеттик органдардын аткаруу ишмердүүлүгүндө  чагылдырылат. Саясий гана эмес, чарбалык жетекчиликти да алып жүрөт. М. б. органдарынын  ишмердүүлүгүнүн мазмуну мамлекеттин башкы милдет-тери жана негизги функциялары менен аныкталат. М. б.  мамлекеттик орган-дардын аткаруучу жана буйрук берүүчү ишмердүүлүктөрүнөн ку-ралат. М. б. органдары жогорулаган  сайын, буйрук берүү укуктары кеңейет. М. б. органдары акты-ларды, б. а. милдеттүү түрдө аткарыла турган иш  кагаздарын жазып чы-гышат. Актыларга чечимдер, токтом-дор, буйруктар, жоболор жана көрсөтмөлөр кирет.  Өзүлөрүнүн ишмердүүлүгүндө М. б. органдары башкарылгандардын жүрүм-турумуна жана ишмердүүлүгүнө таасир  кыла турган, негизинен ынандыруу жана мажбурлоо сыяктуу түрдүү ыкмаларды колдонушат. М. б. органдары  мамлекеттик бийликтин органдарынын алдында жооп жана отчёт беришет. Мамлекеттик бийликтин системасы же  парламент же президент башчылык кылат. Демократтык өлкөлөрдө мамлекеттик бийликтин жана башкаруунун  органдары мыйзамдын негизинде, аны аткаруу үчүн иш аракет жасашат. Алардын ишмердүүлүгү мыйзамга ылайык.