МАНАСТЫН КАН ШАЙЛАНЫШЫ

Манастын кан шайланышы — эпостун бардык белгилүү варианттарында бар туруктуу сюжеттердин бири, салт боюнча баатырдын балалык, өспүрүм курагынын бүткөн чеги катары эсептелет, сюжеттин орчундуу түйүнү.

Жакыпка канатташ жашап, ынтымагы бир жамаатташ болгон Алтай тоосунун арасындагы казак, кыргыз, алчын, үйшүн, найман, аргын, маңгыл урууларынын белдүү, белгилүү адамдары Жайсаң, Күлдүр, Калдар, бала Мажик, Дөгөн кары, Айдаркан, кыпчактардын Таз чечен, нойгут Акбалта, тотудан Токтобай, лөкүштөрдүн Өмүрзагы чогулуп жыйын курушту. Жакып жыйынга: түбүнөн жоолаша жүргөн Эсенкан баш болуп, жообуз көбөйүп кетти.

Беймарал жатып, бир күнү каптап келген жоодон кыргын таап, кырылып калбагандай бололу. Зордукчу келсе каяша кылып, каршы турганга ылайыктуу бирөөнү кан көтөрүп алалы. «Башчысы болбой марыбайт, баш-аламан жарыбайт» деген оюн айтты. Чогулгандар Жакыптын сөзүн кубатташты. «Кана, чыгым тозор жандан, калп айтпаган чындан, казатка чыгар тыңдан, өткүр чечен тилдүүдөн, өкүмөт жөнүн билчүүдөн бириң кан болууга чыккыла дешсе, кан боломун калкка, кандай да болсо чыдаймын калк башкарган наркка», — деп бел байлап чыккан адам болбойт, журт тунжурап калат. Аңгыча баягы салбырынга барган балдар: камалышыңар кандай, силерди билбейбиз, биздин каныбыз бар. Чеге минген боз быштыны талаада союп, Манас деген баланы кан көтөрүп алганбыз. Биз көтөргөн кан силерге туура келеби дешет. Айтса, айтпаса төгүнбү, Манастын кан болору жөн деп, көпчүлүк дүңгүрөп кубаттап кетишти. Кимдин өкүнүчү болсо, же ким аны кан кылбайт элек дечүлөр ушул көпчүлүктүн алдында азыр айткыла. Бүгүн кандыкка атап коюп, арманы ичте калып, эртең калба салчулар чыкпасын деп, Акбалта журтка кайрылды. Мен нааразымын деген адам болбоду. Талаада бир ат сойдум эле деп өз напсиме тартпайын, токонаалатка калгым келбейт. Бул жерде казак, кыргыз, калмак, маңгул, каңгай, тыргоот мыктылары турасыңар ылайыктуу адамдардан бел байлаганы болсо ошону шайлагыла, мени жөн койгула деп Манас элге кайрылды. Тургандар өзүң эле ылайыксың деп чуулдашты. Алты кулач ак кийизге отургузуп, жыйынды жети айлантып Манасты кан көтөрүштү. Кан өкүмүн колуна берип, башына жыгалуу бөрк кийгизишти. Кандуу журт болдук дешип чогулгандар каниет алышты. Жакын токсон бээ союп, тогуз күнү той берди.

Радлов жазып алган вариантта Манас он төрт жашка чыкканда ордо чайкап кан болгону кыскача эскерилет. Саякбай Каралаевдин вариантында кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келгенден кийин Алоокени жеңген Манас кан шайланат. Шапак Рысмендеевдин варианты, ТМВ, Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында бул окуя Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын сюжеттик нукта айтылып, Манас Алтайда эле кан болот.

Манастын Жолойду жеңип, чайын олжологону — варианттардын көбүндө бар туруктуу окуя. Эпикалык душмандын белгилүү балбан, баатырларынын бири Жолойду башкы каармандын ишине аралаштыруучу түйүндүн милдетин аткарат. Балбандары Манастан кордук көрүп кайра келгенден кийин он бир дуу-дуу камданып, жүз он миң кол топтоп, Манасты чаап келүүгө Алтайга жөнөшөт. Ошол учурда Манастын туш-тушка койгон кароолдорунун бири Жолой Манжуриядан тогуз жүз төөгө чай жүктөп чыкканын билдирет. Манас тосо барып урущуп, жекеде Жолойду жарадар кылып качырып, чайын олжолоп алып, элге таратат. Атынын күлүктүгүнөн качып кутулган Жолой Дагалак шаарынын каны Кырмус шаага арызданып барат. Көп аскер Манасты чапканы кеткенин айтып, Кырмус Жолойду жубатат.

Жазуу учурунда кеткен кемчиликпи, же башка себеби барбы, эпизоддо бүтпөгөндүк байкалат. Жолойдун кайда, эмнеге барганы, чайды кайда алпаратканы белгисиз. Окуянын толук иштелген түрдөгү үлгүсү Шапак Рысмендеевдин варианты менен Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында берилген. Молдобасан Мусулманкуловдун варианты боюнча Манастан тынчсызданган Эсенкан калмактан өзгөчө балбан Жолой чыкты деп угуп, кашына чакыртып алып, алың келсе Манасты кармап, чамаң жетпесе жакшылап чендепбайкап кел деп тогуз жүз төөгө чай жүктөп, жүз балбан кошуп берип жөнөтөт. Аларды Манастын кароолчулары көрүп, кабар беришет. Окуянын андан наркы өнүгүшү Сагымбай Орозбаковдун вариантына, Шапак Рысмендеевдин вариантында Молдобасан Мусулманкуловдун вариантына жакын айтылат. Радлов жазып алган вариантта Көкөтөйдүн ашында Коңурбай Мааникерди сурап зордук кылып чыр чыгарганда Манас жолойду токсон төөгө жүктөлгөн чайын тартып алганын эскерет.

Саякбай Каралаевдин вариантында атайын окуя катары айтылбаганы менен Манас менен Жолой беттешкен учурлар да Манас Жолойдун чайын тартып алганын, же Жолой чайын Манаска тарттырганы эскерилет.

С. Мусаев

 

Материал «Манас энциклопедиясы” китебинен алынды.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ.

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК «АКЫЛ» КОНЦЕРНИ