МАРКС Карл

МАРКС Карл (1818–1883) – немец окумуштуусу, революционер. М-тын социалдык жана саясий теорияларга киргизген  негизги салымы экономикалык чөйрөнүн чечүүчү маанисин көрсөткүн тарыхтын материалисттик концепциясы болуп  эсептелет. М-тын теориясына ылайык, саясат экономикадан улам келип чыккандыктанбы, саясат тууралуу  ыраатташтырылган изилдөөсү болгон эмес. М. мамлекетти тарыхый зарылчылык деп эсептеген; мамлекет эмгектин  бөлүш-түрүлүшүнүн, жеке менчик менен таптын пайда болушунун натыйжасында келип чыккан; Ал мамлекетке таптык  башкаруунун куралы катары караган. М. граждандык коомду жакшыртуу багытында мамлекет ишмердүүлүк кылат  дегенди жокко чыгарган. «Коммунисттик партиянын манифестинде» (1848-ж.) буржуазиялык мамлекетти революция  аркылуу кулатуучу жумушчу табынын дүйнөлүк-тарыхый миссиясын негиздеген. Бул миссия жумушчу табы диктатура  формасында пролетариаттын саясий бийликти орнотуп, тапсыз коом түзмөк.

М-тын концепциясына ылайык,  буржуазиялык демократия учурунда бүткүл эл эмес, анын кандайдыр бир гана бөлүгү башкарса, социалисттик  революциядан соң ал бир эле убакта башкаруу жана башкарылуучу болуп туруп, башкаруу процессине жалпы  катышуусу демократияны мамлекеттик башкаруунун формасы катары акыркы чегине жеткизип, башкаруу процессин  өзүн-өзү башкарууга айландырмак. М-тын ою боюнча Коммунисттик коом саясат жана мамлекетсиз жашай алмак. Мтын саясий окуусу, марксизмдин башка составдык бөлөктөрүнө караганда көбүрөөк утопиялык болуп калган.