МАСАЛИЕВ Абсамат

МАСАЛИЕВ Абсамат (1933, Кадамжай р-ну, Алыш айлы – 2004, Бишкек) – партиялык ж-а мамл. ишмер. 1960-жылдан  КПСС мүчөсү. 1953-ж. Кызылкыя тоо-кен техникумун, 1956-ж. Москва тоо-кен ин-тун бүткөн. 1964-жылдан Кыргызстан  Компартиясынын Борбордук Комитети м-н Кыргыз ССР Министрлер Советине караштуу партиялык-мамл. контролдоо  комитетинин өнөр жай, транспорт ж-а байланыш бөлүмүндө инспектор, Ош облусунун партиялык-мамлекеттик көзөмөл  комитетинин төрагасынын орун басары. 1966-жылдан Кыргызстан КП Ош обкомунун өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн  башчысына орун басар. 1969-ж. Компартиянын Ташкөмүр шаардык комитетинин биринчи секретары, 1971-ж.  Кыргызстан КП БКнын өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн башчысы. 1972-жылдан Бишкек шаардык Эл депутаттар  советинин аткаруу комитетинин төрагасы. 1974–79-ж. Кыргызстан КП БКнын секретары. 1979–85-ж. Кыргызстан КП  Ысыккөл обкомунун биринчи секретары. 1985-ж. КПСС БКда инспектор, ошол эле жылдын ноябрынан 1991-жылга  чейин Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары.

Ошол эле учурда 1990–91-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин  төрагасы. 1991-ж. апрелде пенсияга чыгып, 1991-жылдын аягына чейин КПСС БКнын идеология бөлүмүндө кеңешчи.  1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тоо-кен тех. контролдоо комитетинин директору. 1979–91-ж.  СССР Жогорку Советине, 1971–75 ж-а 1985-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат. Октябрь  Революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери, медалдар м-н сыйланган.