МАҢЫЗ ЖАНА КУБУЛУШ

МАҢЫЗ ЖАНА КУБУЛУШ (Сущность и явление) — Дүйнөдөгү процесстердин ж-а объектердин бардык зарыл жактарын чагылдырган философиялык категориялар. Маңыз — бул өз жашоосунун бардык көп түрдүүлүктөрү ж-а карама-каршылыктарынын биримдиги аркылуу кубулушчу нерсенин ички мазмуну; а кубулуш болсо нерсенин тигил же бул жагынан көзгө чалдыгышы, анын жашашынын сырткы кейпи (формасы). Ой жүгүртүүдө М. ж-а К. категориясы нерседе болгон көп түрдүү формалардан анын ички мазмунуна ж-а биримдигине — түшүнүүгө өтүүнү туюндурат. Нерсенин маңызына жетүү — илимдин негизги милдети. Антикалык философияда мис: — нерсени түшүнүүнүн «башаты» анын жаралышын (генезисин) билүүнүн булагы. Демокриттин окуусу б-ча, нерсенин маңызы ал нерсенин өзү м-н ажырагыс ж-а аны түзгөн бөлүкчөлөрдөн (атомдордон) эркин турат. Платондун окуусу б-ча, мис: («идея, ой») дене-сезүү жашоосуна баш ийбейт, ал жогорку сезимдеги, материалдык мүнөзгө ээ эмес, түбөлүктүү ж-а чексиз. Аристотелдин окуусу б-ча, М. («нерселердин формасы») жекече турган нерселерден сырткары, өзүнчө жашабайт. Кант М- дын объективдүүлүгүн таануу м-н катар («нерсе өзүндө», «вещи в себе»), М-ды адам таанып — биле албайт деген. Гегел метафизикалык көз карашты жеңип, маңыз көрүнөт, кубулуш маңыздын көрүнүшү дейт. Ошондой эле Г егелдин диалектикалык идеализми К-ту «абсолюттук ойдун (идея)» сезилип билинген айкын көрүнүшү деп түшүндүргөн. Неопозитивизм сезип-билүүгө болгон К-ту гана таанып, М-дын объективдүүлүгүн танат, аны таза ойдон жаралган нерсе катары карайт. Экзистенциализмде М. категориясын жашоо түшүнүгү сүрүп чыгып, К. субъективдүү маанайда түшүндүрүлөт.