МЕДИТАЦИЯ

МЕДИТАЦИЯ (лат. meditatio — ой жүгүртөм, ойлоном) — адамдын психикасын өтө терең бир жерге топтогон абалга алып келүүгө багытталган акыл аракети. Психологиялык аспектте М. өтө эмоциялык көрүнүштү ж-а реакция жасоонун олуттуу төмөндөшүн четтетүүнү болжолдойт. М-лануучунун соматикалык абалы бул учурда алсыздангандык, ал эми анын акыл маанайы көтөрүлгөндүк ж-а айрым аша кечүүчүлүк (тышкы обьекттерден ж-а айрым ички толгонуулардан) м-н мүнөздөлөт.