МЕНЧИК

1) жеке керектөөнү (менчик) канааттандыруучу, өндүрүштүк ж-а өндүрүштүк эмес каражаттарга ээлик кылган коом мүчөлөрүнүн өзүмдүк менчигинин бир формасы. Граждандардын менчиги өлкө байлыгынын ажырагыс бөлүгү. Менчиктин негизги булагы — жеке ж-а коомдук өндүрүш тармагында иштеген адамдардын эмгек акысы, тапкан кирешеси, социалдык камсыздоо фондуларынан алынган кирешелер (пенсия, пособие, стипендия) көмөкчү чарба, ж. б. Акысыз ж-а жарым жартылай акысыз тейлөөлөр да (билим алуу, медисиналык жардам ж. б.) менчиктин көлөмүнө таасирин тийгизет. Менчик адамдын коомдук пайдалуу иштен баш тартуусуна шарт түзүү м-н, жатып ичер жан бактылыкка айланышына укуктук мыйзам чаралары жол бербейт.

2.) материалдык байлыкка, өндүрүш каражаттарына ээлик кылуунун тарыхый жактан калыптанган коомдук формасы. Ал адамдар жамааты ж-а мамлекет ортосунда коомдук байлыктын бөлүштүрүлүшүн, тактап айтканда коомдук мамилелерди да туюнтат. Өндүргүч күчтөрдүн деңгээли эң төмөн болгон алгачкы общиналык түзүлүштө өндүрүштүн жөнөкөй куралдары м-н чогултулган байлыктар коомдогу жалпы жамааттын менчиги болгон. Эмгектин бөлүштүрүлүшү м-н катар, өндүрүш каражаттары бирөөнүн колуна өтүп, жеке М. келип чыккан да, эмгектенгендердин бир даары кул ээлеринин менчигине айланган. Феодализмде өндүргүч күчтөр м-н товар өндүрүү кеңейип өндүрүш каражаттары чексиз жеке М-ти пайда кылган. Буржуазиялык коомдун өнүгүшүндө өндүрүш каражаттарынын ж-а өндүргөн байлыктын арбын бөлүгү капиталисттердин колуна топтолот. Империализм мезгилинде өнөр жайы ж-а айыл чарбасындагы ири капиталисттик монополиялар зор капиталды ээлеп, буржуазиялык коомдун экономикалык негизин түзгөн.