МЕТОД

МЕТОД (гр. methodos — сөзмө сөз «кандайдыр бир нерсеге жол» теория, окуу) — эң жалпы мааниде — максатка жетүү ыкмасы, белгилүү түрдөгү тартипке салынган иш-аракет. М. таанып билүү каражаты катары изилденүүчү предметти ой жүгүртүүдө кайра жаратуу ыкмасы. Илимий жактан негизделген М-ду аң сезимдүү колдонуу жаңы билимдерди алуунун олуттуу шарты болуп эсептелет. Таанып билүүнү өнүктүрүү процессинде индукция, дедукция, анализ ж-а синтез, салыштыруу, аналогия, эксперимент, байкоо жүргүзүү ж. б. сыяктуу илимий ой жүгүртүүнүн жалпы принциптери иштелип чыккан. Өзүнүн негизинде бардык таанып билүү методу изилденүүчү предметтин табияты м-н шартталган. Ошондуктан М. теория м-н тыгыз байланышкан.