МИФОЛОГИЯ

МИФОЛОГИЯ (гр. mythos — баяндоо, жомок ж-а logos — окуу, сөз) — 1) байыркылар үчүн мүнөздүү оозеки элдик чыгармачылыкта орун алган алгачкы аң сезимде чындыкты иш жүзүндө чагылдыруу. Миф (аңыз) — тарыхтын алгачкы этаптарында пайда болуучу баяндоо, анын фантастикалык образдары (кудайлар, өмүрү уламышка айланган каармандар, окуялар ж. б.) жаратылыштын ж-а коомдун ар түрдүү кубулуштарын жалпылоонун ж-а түшүндүрүүнүн аракети болгон. М. — бул байыркы коомдун дүйнөгө болгон көз карашынын өз алдынча формасы. Анын үстүнө анда табияттан сырткаркы күчтөр ж-дө көз караштар болгондуктан ал диндин элементтерин камтыйт. М-да ошондой эле адеп-ахлактык көз караштар да, адамдын чындыкка болгон мамилеси да чагылдырылган. Ошондуктан М. образдары ар түрдүү ой жүгүртүүдө көбүнчө искусство тарабынан пайдаланылган. Жаңы ж-а соңку мезгилдеги идеологияда миф түшүнүгү массалык аң- сезимге таасир этүүчү иллюзордук көз караштардын ар кандай түрүн белгилөө үчүн пайдаланылат. 2) М. мифтерди, алардын келип чыгышын ж-а аларда реалдуулуктун чагылышын окуп үйрөнүүчү илим. Байыркы коомдогу көз караштын өзүнчө бир чагылыш формасы. Ал кудуреттүү күчтөр ж-дө элестөөлөр, түшүнүкдөр болгондуктан, анда диндин да элементтери бар. М-да адамдын дүйнөгө карата эстетикалык мамилеси ж-а адеп-ахлактык көз караштары туюндурулат.