МИФТЕР

МИФТЕР (гр. mythos — баяндоо, байыркы жомок) — алгачкы аң-сезимдеги дүйнөнү, жаратылышты байыркы элдик чыгармачылыкка мүнөздүү фантастикалык чагылдыруу. Адамзат тарыхынын алгачкы этабында дүйнө туурасында, аны кудайлар м-н рухтун башкаруусу туурасында фантастикалуу баяндоо, айтымдар; алгачкы мифологияда дүйнө сүрөтү, анын элементтери ж-дө айтылат, жаратылыштын ж-а коомдун ар түрдүү кубулуштарын жалпылоо ж-а түшүн-дүрүү аракеттери фантастикалык образдарга (кудайлар, легендалдуу баатырлар, окуялар ж. у.) байланыштырылат. М-дин генетикалык структурасы каада-салттар м-н тыгыз байланыштырылат. Эң фундаменталдуу Миф дүйнөнүн жаралышын, адамдар м-н жаныбарлардын (көбүнчө тотемдик түшүнүк м-н байланышкан), рельефтин өзгөчөлүгүн, түрдүү каада-салттар ж-а ырым- жырымдардын пайда болушун сүрөттөгөн мифтер. Дүйнөнүн жаралышы хаостон акырындап иретке түшүү жолу м-н космоско айланганы көбүнчө кудайлар м-н демондук күчкө ээ баатырлардын күрөшү м-н коштолуп түшүндүрүлөт. Календардык мифтерде жоголгон-табылган (өлгөндөн-тирилген) ж-дө агрардык каада- салттар ж-дө айтылат. Эсхатологиялык мифтер космостун жок болушу анын соңку кайра жаралышы же жаралбашы ж-дө айтылат.