МОБИЛДҮҮЛҮК

МОБИЛДҮҮЛҮК (коомдо) – социалдык структуранын чегинде топторду жана индивиддерди бир социалдык орундан  экинчиге жайгаштыруу. Ар бир коом андагы менчик, байлык, статус, бийлик, таасир, укук жана милдеттүүлүгүнүн  бөлүнүшүнө жараша түрдүү катмарлар, топтор жана индивиддерге бөлүнүшкөн. Бул болсо теңсиздиктин, түрдүү  социалдык карама-каршылыктардын, конфликтердин туулушуна алып келет да, өз кезегинде социалдык объекттердин  коомдогу ордун өзгөртүүгө умтулуусуна алып барат. Ошентип, социалдык стратификация жана М. өз ара тыгыз  байланышып, түрдүү социалдык системанын перманенттүү мүнөздөмөсү болуп эсептелинишет. Дегинкиси коомдо Мтүн эки негизги түрү кездешет. «Туурасынан» бир деңгээлдеги социалдык топтордун чегинде жайгашуу, жана «тигинен»  – бир социалдык катмардан (старттан) экинчиге жайгашуу. М-түн экинчи түрү өз кезегинде жайгашуунун өз алдынча эки  түрүнө бөлүнүп кетет: социалдык баскычта жогору же төмөн. М-тү изилдөө коомдун өнүгүшүндөгү сапаттык  тенденцияларды таанып-билүүгө мүмкүндүк берет.

Мисалы: таптардын, башка социалдык топтордун жана  индивиддердин өнүгүшү жана начар-лашы, алардын ортосундагы мами-лелердин өзгөрүшү, келечекте бул  процесстердин болушу. Бул теорияны түзүүчүлөрдөн бири П. Сорокин тарыхтын мобилдүү мезгилин (негизинен  революциялар, себеби социалдык структура кыйрайт), мобилдүү эмес мезгилин (реакция доору, туруктуу социалдык  структура менен мүнөздө-лөт) жана коомдун түрдүү типтерин ажыраткан. Бүгүнкү күндө социология жана саясат  таанууда социалдык кон-фликттерди чечип, коомдо кон-сенсусту камсыз кылган башка каражат катары каралат. М-түн  жардамы менен коомдо бир катар социалдык топ-тордун өз статусун жакшы жакка өзгөртүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрү  пайда кылууда. Ушуга байланыштуу «жашоодо ийгиликке жетишүүгө» мүмкүнчүлүк берген же бере албаган  жөндөмдүүлүгү, билими, шыгы, жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү сыяктуу факторлорду изилдөөнүн предмети болуп калууда.