МОДАЛДЫК ЛОГИКА

МОДАЛДЫК ЛОГИКА — составына модалдуулук (модалдык операторлор) «зарылчылык», «мүмкүнчүлүк», «чындык», «кокустук» ж-а аларды тануу кирген ой жүгүртүү структурасын үйрөнүүнү изилдеген логикалык система. Аристотелдин, стоиктердин, схоластиктердин эмгектеринде эле М. л-нын айрым негизги аныктамалары ж-а мыйзамдары белгиленген. Модалдулукту математикалык (символикалык) логиканын каражаттары м-н изилдөө К. Люистин ж-а Лукасевичтен башталган. Алар модалдуулук абсолюттук мүнөзгө ээ болгон модалдык логика системасын сунушташкан, б. а. кандайдыр бир башка айтылган ойго салыштырмасыз айтылганга ыйгарылат. Азыркы учурда релеванттык деп аталган салыштырмалуу модалдуулукту камтыган М. л. изилденүүдө. Маанисине карата модалдык операторлорго сыйгыштырылып, алетикалык модалдуулук логикасына, эпистомологиялык модалдуулук логикасы ж-а деонтикалык логикага ажыратылат. М. л. семантикасы мейкининде С. Критке маанилүү натыйжага жетишкен.