МОДЕЛДӨӨ

МОДЕЛДӨӨ (фр. modele — үлгү, өрнөк) — таанып-билүүнүн маанилүү бир жолун мүнөздөөчү гносеологиялык категория — метод. Кандайдыр бир объектинин мүнөздөөчү белгилерин башка бир изилдеп үйрөнүүгө мүмкүн болгон объектен таап, иликтеп үйрөнүү. Гносеологиялык планда алганда белгисизден белгилүүгө карай өтүү. М. муктаждыгы объектинин өзүн изилдеп үйрөнүү кыйын болгон, кымбатка турган, же караманча эле мүмкүн болбогон учурларда, же изилдеп үйрөнүү узак убакытты талап кылганда (М. коомду, анын процесстерин өздөштүрүүдө) келип чыгат. М. методу ар дайым таанып билүүнүн башка методдору м-н катар калдонулат. Табияты ар кандай объектилердин функцияларынын окшоштугуна негизделген М. методу, кибернетиканын негиздеринин бири болуп калды. Экономиканын математикалык моделдерин (ЭЭМдерди колдонуп экономикалык процесстердин башкаруу ж-а прогноздоо мына ушуга негизделген), татаал ж-а татаалдашкан М. (экологиялык ж-а демографиялык процесстер) иштеп чыгуу чоң мааниге ээ. ЭЭМде моделдик эксперимент зарыл түрдө түздөн-түз эксперименттен өткөрүүдөн кутултуп, химиялык, биологиялык касиеттерге ээ материалдарды, техникалык системаларды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. М-нүн өзгөчө мейкиндиги ойду М. болуп саналат. Илимий-техникалык изилдөөдө бүтүн таанып билүүнүн бир методу М. Сезим-туюмдук ж-а логикалык моделдерди түзүү процессинин негизги мыйзамдарын таануу-билүү теориясынын ар кайсы (айрыкча чындык туурасында окууга байланыштуу) бөлүктөрү изилдейт. Ошентип, моделдөө таануу теориясын мындан ары өнүктүрүү ж-а конкреттештирүү үчүн маанилүү.