МОЛДО БАГЫШ

МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу (1886–1937, Аксы р-ну) –  төкмө жана  жазгыч, акын. Айылдагы Асан молдодон сабак алып аны:

«Асан молдо устатым,

Билимине канамын.

Арапча жазып арипти,

Такшалып күндө  барамын  –  деп ырга кошкон. Андан кийин Наманган облусундагы Шоркен деген жердеги кожолордон алты жыл окуган. 1931-ж. жалган жалаа менен камалып, он ай  Ташдөбө  (Караван), Заркен, Жаңыкоргон, Наманган түрмөлөрүндө  жатып, андан кийин Сибирге (Каратандыга) сүргүнгө  айдалган. Сүргүндө  жүрүп Беломор каналын казууга катышкан. 1937-ж. сүргүндөн келгенден кийин каза болгон. Ал жашынан эле ырчы болгон. Акындын абакка түшкөнгө чейинки ырлары эл оозунан жыйналып топтолгон. Анын алгачкы китеби «Абак дептерине» (1998-ж.) кирген чыгармаларынын негизин жогоруда аталган түрмөлөрдө он айдын ичинде жазган ырлары түзөт. Араб арибинде жазылган колжазмасы сакталып калган. Анда топтолгон ырлар «Өткөн күндөр», «Молдокенин зарлаганы», «Жарынын келиши», «Молдо Багыш түрмөдөгү жолдоштору менен коштошкону», «Жаңы-Коргон түрмөсүндө», «Түрмөдөгү  арман-казал», «Молдо Багыш Наманганга айдаларда», «Молдо Багыштын насыяты» ж. б. жыйырмага жакын бөлүмдөрдөн турат. «Абак дептеринин» жазылышы жана  анын элге жеткирилиши татар акыны Муса Жалилдин «Моабит дептерлери» китебинин тарыхына окшоп кетет. «Абак дептери» 1932-ж. 20-мартта Абдималик аттуу таанышы аркылуу түрмөдөн сыртка чыгарылган. МолдоБагыштын түрмөгө чейинки ырларынын ичинде «Бузулдугой заманың», «Калкыңдан кетти адаалат» деген чыгармаларында Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы социалдык-экономикалык психологиялык-нравалык

алмашуулар, шарияттын бузулушу ашкереленген. Акындын «Молдо Багыш санаты», «Молдокенин аңгемеси», «Кедейлерге насият», «Балдарга менин санатым» сыяктуу дидактикалык мүнөздөгү  чыгармалары анын талантын, ырчылык кудуретин көрсөтөт. Молдо Багыштын 1998-ж. жарык көргөн «Абак дептери” китебине «Бекназар куудул менен  Молдо Багыштын айтышы», «Сабиркан», «Казак жергесинде акын Жамбыл Жабаев менен Молдо Багыштын айтышы», «Токтогул, Молдо Багыш, Барпынын Акман жергесиндеги айтышы» жана  Токтогул менен эки жолку айтышы сыяктуу анын  өмүр баянына, акындык атына, адеп-ахлагына ылайык келбеген, жасалма түрдөгү ырлар да кирип кеткен. Ошого карабастан араб арибинде  өз колтамгасында жазылып калган мурасы бизге жеткен жазгыч жана  төкмө  акындык  өнөрдүн ээси, агартуучу Молдо Багыш чыгармалары кыргыз адабиятынын ырчылык жана  жазгыч акындык бөлүгүнө салым кошкон.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ