МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу

МОЛДО БАГЫШ Сарыбай уулу (1886, Аксы жергеси, Авлетим айылындагы Ойалма деген жер –1937, Аксы) – төкмө ж-а жазгыч акын. Үч айлыгында энеден, үч жашында атадан жетим калып, 12ге чыкканча эчки, кой кайтарып чоңойгон. Айылдагы Асан молдодон сабак алат. Андан кийин Наманган облусундагы Шоркен деген жердеги кожолордон алты жыл окуйт. Мечит, медреселерде мугалимдик кылган. 1923–28-ж. Айылдык комитетте катчы болгон. 1931-ж. жалган жалаа м-н камалып, он ай Ташдөбө (Караван), Заркен, Жаңыкоргон, Наманган түр-мөлөрүндө жатып, андан кийин Сибирге (Карагандыга) сүргүнгө айдалган. 1937-ж. сүргүндөн келгенден кийин каза болот. М. Б. жашынан ырчы болгон. Акындын абакка түшкөнгө чейинки ырлары эл оозунан жыйналып, топтолгон. Анын алгачкы китеби «Абак дептерине» (1998-ж.) кирген чыгармаларынын негизин түрмөлөрдө он айдын ичинде жазган ырлары түзөт. Араб арибинде жазылган колжазмасы сакталып калган. Анда топтолгон ырлар «Өткөн күндөр», «Молдокеңдин зарлаганы», «Жарынын келиши», «Молдо Багыш түрмөдөгү жолдоштору менен коштошкону», «Жаңыкоргон түрмөсүндө», «Түрмөдөгү арман-казал», «Молдо Багыш Наманганга айдаларда», «Молдо Багыштын насияты» ж. б. жыйырмага жакын бөлүмдөрдөн турат. Буларда түрмөнүн ички турмушу, акындын акын аялы Сабиркан м-н түрмөгө түшкөнүнө баканооз Абдыгафур күнөөлү экенин ж-а алардын бири-бирине айтышкан суроо-жооптору. М. Б. түрмөдө жаткан уруусу кыпчак Бөрү абышка м-н турмуш, заман ж-дө аңгемелешкени, о. эле адилетсиздикти ашкерелөө, чындыктын түбүнө жетүү аракеттери айтылган. «Абак дептери» 1932-ж. 20-мартта Абдималик аттуу таанышы аркылуу түрмөдөн сыртка чыгарылган. М. Б-тын түрмөгө чейинки ырларынын ичинде «Бузулдугой заманың», «Калкыңдан кетти адаалат» аттуу чыг-нда Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы социалдык-экон., психологиялык-нравалык алмашуулар, шарияттын бузулушу ж. б. ашкереленген. Акындын «Молдо Багыш санаты», «Молдокеңдин аңгемеси», «Кедейлерге насият», «Балдарга менин санатым» сыяктуу дидактикалык мүнөздөгү чыгармалары анын талантын, ырчылык кудуретин көрсөтөт. М. Б-тын араб арибинде өз колтамгасында жазылып калган мурасы катары бизге жеткен чыг-ры кыргыз адабиятынын ырчылык ж-а жазгыч акындык бөлүгүнө салым кошот.