МОМУНДУК ЖАНА ЖАПАКЕЧТИК

МОМУНДУК ЖАНА ЖАПАКЕЧТИК (Наивное и сентиментальное) — дүйнөгө көз караштын ж-а көркөм чыгармачылыктын типтерин мүнөздөө үчүн, табияттагы объективдүү предметтер м-н рефлексдеги пластикалык көрүүгө негизделген чыгармачыл субъект м-н предметтик дүйнөнү ажыратууда Шиллер тарабынан киргизилген («О наивной и сентиментальной поэзии» 1795) философиялык-эстетикалык түшүнүк. Бул эки түшүнүк м-н Шиллер антикалык ж-а учурдагы маданияттын эки тибин бир мезгилде белгилеген, бирок чыгармачылыктын эки тиби бир эле учурдагы чыгармачылыкта (Гете м-н Шиллер карама- каршылыктуулук болгондой) катар жашашы мүмкүн. Шиллердин типтештирүүсүн 18-19-к. чет өлкөлүк эстетика м-н романтизм маданиятынын философиясы илип алышып, 19-20-к-дын ар түрдүү түшүнүктөрүндө ж-а концепцияларында (апполондук ж-а дионисийлик ж. б.) модификациялашты.