МОНАДА

МОНАДА (гр. monas, monados — жалгыз, жеке, бөлүнбөс бүтүн) — айрым философиялык системаларда колдонулган болмуштун негизги элементтерин белгилөөчү түшүнүк. Бул түшүнүк пифагорчулардын ж-а платондук Байыркы Академиянын идеяларынын негизинде дүйнөнү түшүндүрүүчү баштапкы принцип иретинде орун алган. М. түшүнүгү жаңы мезгилдин философиясына Николай Кузанскийдин ж-а Брунонун пантеисттик интерпретациялоосунан өтүштү. Брунодо М. чексиз Асмандагы макрокосмос м-н микрокосмостун биримдиги принцибине ылайык чагылдырылат. 17-к-да М. түшүнүгү испан схоласты Суарестин, англис платончусу Генри Мордун, немец натурфилософу Ф. М. Гельмонттун философиясында маанилүү роль ойнойт. М. Лейбництин (1646-1716) бүткүл идеалисттик философиялык системасынын ачкычы болуп, дүйнө түзүлүштүн негизин түзгөн бөлүнбөс рухий түпкү элемент, атом түшүнүгүнүн идеалдуу түрү. Лейбництен соң М. Вольфтун мектебинин идеалисттик рационализминин духунда иштелип чыгат. Монадология идеясы 19-к-дын философу Гербарттын, Лотценин ж. б. 20-к-да Гуссерлдин, Уатхейттин философиясында кездеше калат. Персонализмдин бир катар өкүлдөрүнүн (Ренувье, Мах-Таггарттын ж. б.) филофиялык көз карашынын негизинде да монадологиялык ыкма жатат.