МОНАДОЛОГИЯ

МОНАДОЛОГИЯ (“Monadologie”) — Лейбництин чыгармасы. 1714-жылы француз тилинде тезистер формасында жазылган. Анын объективдүү идеализминин философиялык системасынын негизин жалпыга жеткиликтүү баяндаган. М. Лейбинцтин узакка созулган, карама-каршылыктуу философиясын жыйынтыктайт. М. монад ж-дө илимдеги борбордук орунда туруп, турпатсыз «жөнөкөй субстанциялар», «жаратылыштын чыныгы атомдору», «элементтүү нерселер» болгон монадаларга бөлүнбөстүк, жок болбостук, материалсыздык, аффицирленбөчүлүк (жылчыксыздыктын), кайталанбастык, оң касиеттерден өзүнө өзү жетиштүүлүк, өзүнөн өзү өнүгүүчүлүк, өздөштүргүчтүк, кайра ордун толтуручулук ж-а умтулуудан турган психикалык активдүүлүк ыйгарылат. Бардык монадалар өнүгүүнүн деңгээлине жараша жөнөкөй (чексиз майда перцепциялардан), жандын монадаларына (сезим-туюм ж-а эске тутуусу бар бүдөмүк перцепцияларга) ж-а рухтун монадаларына бөлүнүшөт. Аңдабастан түшүнүү (бессознательное восприятие) «кичине перцепциялар» ж-дө окуу монодалогияны психикалык жашоонун үзгүлтүксүздүгү ж-а дүйнөдөгү болуп өткөн процесстердин бүткүл жалпы өз ара байланышын негиздөө үчүн колдонот. Бул өз ара байланышка жараша ар кандай монада бүт баарын өздөштүрүп түшүнө билген «Ааламдын дайым жандуу» күзгүсү болот. М. теориясында боло жүргөн гармония ар түрдүү монадалардын өз ара шайкештүүсүү, келишүүсү м-н түшүндүрүлөт. Жан м-н дененин гармониясын негиздөө чектөөнүн, ж-а аракеттин себебин түшүндүрүү үчүн колдонулат. М-нын айрым тезистери чыныгы дүйнөнүн априордук негиздерин анализдөөгө ж-а теодицея маселелерине арналган. М. Лейбинцтин философиясынын толук ж-а системалуу жоболорунун баяндалышы.