МОНТЕСКЬЕ Шарль Луи

МОНТЕСКЬЕ Шарль Луи (1689 – 755) – француз философу, жазуучу жана тарыхчы, XVIII к. Просвещение (Агартуу)  философиясынын өкүлү. М-нин философиялык позициясы, анын эң негизги «Мыйзамдар духу жөнүндө»эмгегинде  чагылдырылган. Бул эмгегинде кудай жараткан катары бааланат, бирок материалдык дүйнөнүн объективдүү мыйзамы  боюнча аракет кылган. Тышкы дүй-нөнүн чагылдырылышы боюнча материалисттик идеяны коргогон, бирок  тажрыйбанын жыйынтыктарын кайра иштеп чыгууда Локктун рефлекс таанып билүүнүн өз алдынча булак экендигин  ырааттуулуксуз кабыл алган. М. тарыхый процесстерди теологиялык интерпретациясында социологиядагы  географиялык мектепти (негиздөөчүсү болуп өзү эсептелген) карама-каршы идеяга койгон. М. боюнча, климат жана  жердин үстүнөн абалын элдик дух жана коомдук өнүгүштүн мүнөзү аныктайт. Тарыхтын жалпы мыйзамы социалдык  факторлордун комплекси менен: өндүрүш, менчиктүүлүк, башкаруунун принциптери, үрп-адат жана диндер менен  аныкталат. Башкаруунун феодалдык-деспоттук формасын сынга алып М. Локктун идеализациялаштырылган: мыйзам  чыгаруучу, аткаруучу жана соттук бийликти ажыраткан Англиялык монархиялык-конституциялык саясий режимди  кабыл алган.