МОРАЛДЫК НОРМА

МОРАЛДЫК НОРМА (Норма моральная) — бир типтүү жорук-жосундарга карата пайдаланылган жалпы эрежелер м-н тыюу салуулардын жардамы аркасында адамдардын жүрүм-турумун жөнгө салган адеп- ахлактын талаптардын формасы. Укуктук нормалардан айырмаланып, М. н. мамлекеттик бийликтин негизинде эмес, каада-салт м-н коомдук пикирдин күчү аркылуу санкцияланат; кимдир бирөө тарабынан атайы чыгарылган мыйзамдын натыйжасында эмес, коомдун адеп-ахлактык аң-сезиминде стихиялуу пайда болот. Өз алдынча турганда М. н-лар адамдын жүрүм-турумун жетишээрлик түрдө жөнгө сала албайт; өзүнүн абстрактуу түрдөгү жалпы мүнөзүнө байланыштуу алар ар кандай өзгөчө жагдайлар м-н шартталган ыктымалдуу чектен чыгууларды карай албайт. Ошол себептен тигил же бул М. н-ларды конкреттүү кырдаалдарга карата пайдалануу тууралуу маселе мазмуну боюнча кеңири ж-а ошол эле учурда конкреттүү болуп саналган адеп-ахлактык принциптердин негизинде чечилиши зарыл. Өзүнүн социалдык мазмуну боюнча М. н-лар жалпы адамзаттык, тарыхый чектүү, таптык мүнөздө болушу мүмкүн. Таптык мүнөздөгү М. н. бир коомдук формациядан экинчисине өткөн учурда узак мезгилдер бою эскинин саркындысы катары сакталат, жаңы М. н-лар түзүлгөнгө ж-а орногонго чейин акырындык м-н талкаланат.