МОРАЛЬ

МОРАЛЬ (лат. moralis — адеп-ахлак) — коомдук аң-сезимдин бир формасы, коомдук турмуштун эч бир мейкиндигин калтырбай адамдардын жүрүм- турумун теске салуу функциясын аткаруучу социалдык институт. Массалык ишмердикти жөнгө салуучу башка формалардан (укук, өндүрүштүк-административдик тартип эрежелерден, мамлекеттик декреттерден, элдик салттардан ж. б.) М. негизделиши, өзүнүн талаптарын ишке ашыруу жолу м-н айырмаланат. М-да коомдук зарылчылык, керектөө талабы коом м-н топтордун кызыкчылыгы стихиялуу түрдө калыптанып, жалпыга таанылган буйруктар ж-а баалар, массанын адаттары, каадалары, коомдук пикирлеринин үлгүсүндө чыңдоо түрүндө туюндурулган. Ошондуктан М-дын талабы бүт баарына бирдей, кимдигине карабай эч ким тарабынан мажбурлоосуз милдеттендирген формада болот. Бул талаптар салыштырмалуу туруктуу мүнөзгө ээ. Алар жөнөкөй каададан, зордоп карманган салттан айырмаланат, ошонусу м-н адамга кандай жашап, эмне кылуусуна ылайыктыгы ж-дө түшүнүк түрүндө идеялык негиздөө алат. М. укуктан биринчиден, ар бир адептик талапты аткаруусу бүткүл бары тарабынан тескөөгө алынат, болгондо да ошол эле индивиддин М-дык бедели кээ бир укуктуулук м-н байланышсыз; экинчиден, М-дын талаптарын аткаруу рухий таасир көрсөтүү аркылуу гана (коомдук баа берүү, жасаган кылык-жоругун алкоо же айың көрүү) ылгоого алынат. Бул социалдык тескөөнүн башка формаларына салыштырмалуу алганда М-да аң-сезимдин ролу чоң экендиги м-н шартталган. Анын үстүнө аң-сезим рационалдуу формада түшүнүк м-н пикир түрүндө, ошондой эле эмоционалдуу сезим, ниет ж-а ыктоо формасында туюндурулушу мүмүкүн. Коомдук аң-сезим сыяктуу эле М-да жекече аң-сезимдин ролу да аз эмес. Коом тарабынан иштелип чыккан адептик түшүнүктөргө таянуу м-н тарбиялануу процессинде өздөштүрүү м-н индивид кайсы бир деңгээлде өз алдынча жүрүм-турумун жөнгө салат, айлана тегерегинде болуп өткөндөрдүн М-дык маанисин баалайт, пикир айтат. Андыктан М-да социалдык теске салуунун объектиси гана болбостон, ошондой эле аң-сезимдүү субъект б. а. адеп-ахлактуу инсан иретинде чыгат. Коомдук татаал түзүлүш болуу м-н анын мазмуну жагынан алганда ж-а мотивациясы б-ча М. М-дык ишмердикти да тутуна алат. (анда бул же тигил коомдо адамдардын жүрүм-турумунун үлгүсү, адеби адамга карата талаптын, милдеттендирген ар түрдүү формаларды бул ишмердикти ылайыктоочу М-дык карым- катыш (М-дык норма, милдет, жоопкерчилик, уят-сыйыт); М-дык аң-сезим, тиешелүү түшүнүктөр түрүндөгү бул мамилелерди чагылдырган М-дык аң-сезим, нормалар, принциптер коомдук ж-а М-дык идеалдар, жакшы ж-а жаман түшүнүктөр, адилеттүү ж-а адилетсиз. М-дык аң-сезимдин бул формалары М-дык иш-аракетти белгилүү бир түрдүү жол м-н мотивдештирген ж-а баалоого жол берген логикалык иреттүү системага бириктирилген. Коомдук турмуштун ар түрдүү областарында колдонулганына жараша бирдиктүү негизге ээ болгон М-дын салыштырмалуу гана областын түзгөн өзгөчө эрежелери калыптанат. Кесиптик этика, эмгектин, турмуш-тиричиликтин, үй-бүлөнүн М-ы ж. б. М. — тарыхый кубулуш. Коомдун баштапкы калыптануу баскычында пайда болуп, адамзаттын материалдык ж-а рухий маданиятынын прогрессинде экономикалык ж. б. коомдук мамилелердин өзгөрүшүнүн жүрүшүндө алар өнүгөт.