МОРИЦ ШЛИК 

ШЛИК Мориц (1882-1936) — австрия философу, физик ж-а логик; Росток, Кил, Венада, 1931-1932-ж. Берлиде (Калифорния ун-ти) профессор; Вена штриминин негиздөөчүсү; эмпирикалык реализмдин өкүлү. Р.Карнап м-н Л. Витгенштейндин таасирин алуу м-н, ал негизинен акыйкат проблемасын, таанып-билүү теориясын, логика м-н математиканын априордуу мүнөзү ж-дөгү маселени иштеп чыккан. Ал априордуу синтездик ой жүгүртүү мүмкүндүгү бар деп эсептөө м-н психофизикалык проблеманы физикалык жол м-н чечүүгө аракеттенген. Философиянын милдети-түшүнүктөрдү логикалуу чечмелеп берүү. Мындан тышкары Ш. мейкиндик, мезгил, материя, себептүүлүк, ыктымалдык, органикалык, дөөлөттөр, гедонизм, эрк эркиндиги, этикалык жүйө-себеп түшүнүктөрдү изилдеген.