МОСКА Гаэтано

МОСКА Гаэтано (1858–1941) –италия-лык саясат таануучу, социолог. В. Па-рето менен катар элита теориясын  негиздеген. «Башкаруучу тап» (1896) китебинде М. бардык коом эки тапка бөлүнгөндүгүн ырастаган. Ал эки тап:  башкаруучу «саясий тап» (элита) жана башкарылуучу. Башкаруучу тап бийликке ээлик кылып, бийликтин  артыкчылыктары менен ырахаттанышкан. Бийликти колдоо үчүн мыйзам чегиндеги жана андан тышкары ыкмаларды  колдонушат. Башкаруучу тап күч жана алдоонун гана эмес, идеологиялык же «саясий доктринанын» жардамы менен  башкарат. Диний же улуттук сезимдерге негизделген универсалдык кыялдардын жардамы менен элита калкты өзүнүн  үстөмдүүлүгүнүн легитим-дүүлүгүнө ынандыра алат. Көпчүлүктүн эрки сыяктуу үстөмдүк кылган демократиялык  доктринаны М. жал-ган деп эсептеген. М-нын ою боюнча элитанын үстөмдүгү – бардык мез-гилдер жана элдердин  тарыхый таж-рыйбасы күбө кылган мыйзам. Парето сыяктуу ал дагы, «элитаны жаңыртмайын социалдык стабилдүүлүк  мүмкүн эмес» – дейт, М. элитанын күчүнүн үч вариантын көрсөткөн: жаңыртылбастан «түбөлүктүү болуу», жаңыртуу  менен «түбөлүккө калуу» жана чыныгы жаңыртуу. Бул варианттардын мамлекеттик башка-руунун эки формасы –  автократия-лык жана либералдык менен ай-калышуусу мамлекеттин төрт түрүн берет, аристократия-автократиялык,  аристократия-либералдык, демок-ратия-автократиялык жана демок-ратия-либералдык.