МУНИЦИПАЛИТЕТ

МУНИЦИПАЛИТЕТ (нем. munizipa-litat, лат. municipium – өзүн-өзү башкаруучу жамыят (коом) – жергиликтүү өзүнөзү башкаруу системасындагы орган. Бир катар өлкөлөрдө (Австралия, Венесуэла) – төмөнкү администрациялык-аймактык бирдик. М. туура келген адми-нистрациялык-аймактык округдун калкы тарабынан шайланат. Мэрия, бургомистр  баш болгон шайланма коллегиядан жана аткаруучу аппараттан турат. Коммуналдык ишканалар жана турак-жай фонду  М-тин менчиги. Аларга жергиликтүү полиция (милиция), мамлекеттик мектептер, медициналык мекемелер, социалдык  камсыздоо органдары баш ийет. М-тин кирешесинин булагы болуп жергиликтүү калктын салык алуу ж. б. (туризм,  кайрымдуулук) эсептелет. Эреже катары муниципалдык кире-шелер жашоо керектөөлөрүн толугу менен камсыз кыла  албайт. Бул болсо алардын борбордук бийликтен финансылык көз каранды болушуна алып келет. Кээ бир учурларда Мтин иштеринде өз алдынчалык жана көз карандысыздык жоголуп, өзүн-өзү башкаруу органынан жалпы мам-лекеттик  администрациясынын ор-ганына айлануусу байкалган. Бир катар мамлекеттерде борбордон дайындалган өкүлдөр М-тин  чечим-дерин жокко чыгарууга чейинки кеңири полномочиялар менен бел-гиленишет. Өзүн-өзү башкаруучу орган катары  М. – демократиянын башкы институту.