НААР ТҮШҮРҮҮ

НААР ТҮШҮРҮҮ — салттуу көн (шири) буюмдарына жана ашкана идиштерине көркөмдүк берүүнүн эң эле эски ыкмасы. Мында кыз-келиндер токуна турган тердикте түшкөн «наар» башкалардан айырмаланат. Бул түр өтө сыйда, ичкерээк, назик көрүнөт. Эч кандай кайыкчылыкты колдонбой, буюмдан өөн-бучкак келтирбей, бир четинен мөмө шак бутактанып, же «бадамча», «мүйүзчө», «жүрөкчө» оюмдарынын элементтерин «кыялданып» таштоочу чеберлер көп чыккан. Мунун да кыз-келиндерге жана эркектерге таандык үлгүлөрү бар. Ал булгаары менен кара кийизден жасалат. Айрым жерде таар тердик да болот.

Тердикке боз кийиз ичтелет. Кыз-келиндердин тердиги өлчөмү боюнча эркек тердиктен чоңураак келет да, анын бети саймаланат. Жээктерине «кыял», «кайкалак» көчөттөрү түшүп, ал баркут же манат, нооту менен кыюуланат. Ага илгери кундуз да бастырышкан.