НАТУРАЛИЗМ

НАТУРАЛИЗМ, (лат. natura — жаратылыш) — 1. коомдун өнүгүшүн жаратылыш мыйзамдары (климаттык шарттар, географиялык чөйрө, космостук телолордун нурлары аракеттери, адамдардын биологиялык- генетикалык ж-а расалык ж. б. өзгөчөлүктөрү) м-н түшүндүрүүгө аракет жасаган философиялык методологиялык принцип. Н. коомдун өнүгүшүнүн өзүнө гана таандык объективдүү мыйзам ченемдерин көрө билбеген антропологизмге жакын. Философиялык Н. 17-18-к-да спиритуализм м-н күрөшүүдө чоң роль ойногон, соңунда өзү реакциячыл-идеалисттик багытка ыктап кеткен. 2. 19-к-дын экинчи жарымында калыптанган эстетикалык көз караштардын, ага ылайык келген көркөм медоддун системасы. Н-дин философиялык негизи позитивизм (Конт, Спенсер И. Тэн ж. б.). Н. көркөм чыгармачылыкты дүйнө процесстеринин тереңине, манызына сүңгүп отурбай эле кокустук, жеке предметтерди ж-а кубулуштарды түздөн-түз көчүрмөлөөгө алып барат. Эстетикалык Н. концепциясынын карама-каршылыктуулугу көбүнчө Э. Золянын чыгармачылыгы («Эксперименталдык роман» 1880, («Театрдагы натурализм» 1881 ж. б.) м-н биологиялык ж-а социалдык кубулуштардын теңдештиги, искусствонун мораль м-н саясаттан көз карандысыздыгы туурасында теориялык айткандарына карама-каршы келгенинен көрүнөт. Н-ге физиологизм, жөнөкөй алаксуу, мелодрамизм, сырты жылтырактык, ж. б. мүнөздүү. Н-дин жайылтуучулары түз же кыйыр түрдө жактаган социалдык пассивдүүлүктү, социалдык күрөштөн баш тартууну, адамдардын кайгы-кубанычына кайдыгерлик, адам турмушуна өзгөчө кызыгуусу искусствонун формалистик багытына жакындаштырат. 3. Этикада Н. 20-к-дын моралы негизделген методологиялык принциптер үчүн моралдык түшүнүктөр, айрым алганда жакшылык адам болмушунун коомдук мыйзамдарынан келип чыкпайт, анын кээ бир табигый башаттан (космостун, органикалык дүйнөнүн, биологиясынын ж-а адам психологиясынын мыйзамдарынан) келип чыгат. Этикадагы Н-ге гедонизм, эвдомонизм, утилитаризм, эволюционизм ж. б. кирет. Азыркы күндө да көпчүлүк мектептер моралдын түшүнүктөрүн табигый билимдердин түшүнүктөрүнөн ж-а антропология м-н психологиядан алып чыгарышат. Мис., космикалык теологиянын этикасы, адеп-ахлак сезимдеринин, кызыгуунун теориялары. Н. биринчи жолу Мур тарабынан сынга алынган. Ал ж-а аны жактоочулар моралдык түшүнүктөрдү «табигыйдан» алып чыгарууга болбойт дешкен. Алар табигый дегени өтө кеңири түшүнүк, ага бүт моралдан сырттагы анын ичинде социалдык кубулуштарды да киргизет. Натыйжада мораль м-н этика коом м-н адам ж-дөгү илимдерден ажырап калат. Бул бүткүл формалисттик багытка таандык. 20-к-дын 40-50-жылдарында формализм ж-а неопозитивизм м-н талаш тартышка чыккан бир катар эмгектер пайда болду. Бул сын теориясында прогрессивдүү материализмдин элементтери бар болгон.