НАТУРФИЛОСОФИЯ

НАТУРФИЛОСОФИЯ (натура ж-а философия) — жаратылыш философиясы; бир бүтүн деп каралган жаратылыштын карандай акыл м-н түшүндүрүлүшү, чечмелениши. Табият таануу билимдери м-н Н-нын чеги, Н-нын өзүнүн башка философиялык дисциплиналар системасында орду сыяктуу эле улам алмашылып жүрүп отурган. Н. Байыркы грек ф-сында физика деп аталып, табият таануу илимдери м-н жуурулушуп жүрүп отурган. Байыркы Н-га жаратылышты байланыштагы тирүү бүтүн иретинде түшүндүрүү, микрокосмос (адам) м -н макрокосмостун (жаратылышты) теңдештиги идеясы стихиялуу, мажес- диалектикалык чечмелөө мүнөздүү. Н-нын органикалык бөлүктөрүн космология ж-а комогония түзөт. Н-нын элементтерин Орто кылымдагы схоластикалык окуулардан да табууга болот. Аристотелдик Н-нын ж-а космологиянын о. эле неоплатонизмдеги жарыктын метафизикасынын айрым принциптеринин геочордондуу (геоцентристтик) дүйнө сыпатына ылайыкташуусунан көрүнөт. Кайра жаралуу доорунда табияттын схоластикалык дүйнө сыпатына каршы күрөштө негизинен антикалык түшүнүктөр м-н принциптер сакталды, бирок табият таануу илимдеринин жогорку деңгээлине таянды ж-а бир катар материалисттик ж-а диалектикалык идеяларды өнүктүрдү. Мис., дүйнөнүн чексиздиги ж-а аны түзүп турган элементтердин сансыздыгы, Николай Кузанский м-н Брунонун чексиз кичине м-н чексиз чоңдун дал келиши идеялары. 17- к-да бир катар математика ж-а механика сыяктуу илимдер Н-дан бөлүнүп чыкканы м-н да аны м-н тыгыз байланышта чечилген. Бекеринен Ньютондун негизги эмгеги «Натурфилософиянын математикалык башталышы» деп аталбаган. Француз ж-а европалык агартуучулукта ж-а материализмде Н. бардык илимдердин энциклопедиялык байланыштуулугу идеясын көтөрөт. 18-к-дын аягы 20-к-дын башында идеалисттик негизде болсо да, Н. Шеллингдин жаратылыш күчтөрүнүн биримдиги идеясын айтып, өз доорунун табигый илимий бир катар жаңылыктарын жалпылаганы чоң роль ойноду. Анын идеясын колдогон Л. Окен органикалык дүйнөнүн өнүгүүдө болорун айтат.