НЕОДАОСИЗМ

НЕОДАОСИЗМ, (сюань сюе — дилдеги, купуя ж-дөгү окуу) — кытай окуусунда даосизм философиясынын кайра жаралуусунун көрүнүшү, 3-4-к. пайда болгон агым. Кытайдын идеологиялык турмушунда Вэй-цзинь (3-5-к.) мезгилинде үстөмдүк кылган. Бул жолго түшкөндөрдүн ишмердигиндеги негизги форма «жакшы айтуу, жатык тил м-н туюндурууга» аракеттенгендердин көтөрүңкү маанайдагы философиялык маектешүүсү болуп, цинь тан (сөзмө сөз — кирсиз, чыныгы, тунук аңгемелешүү) же сюнь янь (сөзмө сөз — дилдеги, айтылгыс аялуу сырды төгүшүү) деп аталган, анткени сүйлөшүүнүн предмети аялуу асыл дао болгон. Н-дин пайда болушу 220-ж. Хан династиясынын кулашы, кытайга буддизмдин кириши м-н байланыштуу. Н-нүн негиздөөчүлөрү Хэ-Янь (Хэ Пиншу, 190-249) ж-а Ван Би (Ван Фуси, 226-249), улантуучулары Цзи Кан (Цзи Шуе, 223-262) ж-а Сян Сю (Сян Цзыци, 227-277), бамбуктан өскөн жети даанышман аталган топко кирген Го Сян (Го Цзисюань 252-312) ж. б. болушкан. Н-дин көрүнүктүү өкүлү Гэ Хун (Гэ Чжичуань, 283-363) Баопу-цзы деген псевдоним (лакапат, жашырын ат) м-н белгилүү. Н-тер Лао-цзы, («Дао дэ цзин») м-н «Чжуан-цзы» ж-а «Чжоу -и» («Цизин») идеясынан башталып, алардын окуусун конфуцианчылык окуу м-н бириктирген (алар Конфуцийди Лао-цзы м-н Чжуан-цзыдан жогору турган улуу даанышман дешкен). Н-дин филос-лык концепциялары ж-дө маалыматтардын негизги булагы конфуциячыл классикага комментарийлер, о. эле притчалардын ж-а аңгеме-анекдоттордун жыйнактары болгон. Н. өзүн «Фэн-лю» (сөзмө-сөз — «шамал жана агым») абалына жетүүнү, өзү м-н өзү болуп, ар ким ички дүйнөсү ж-а жаратылыш м-н эриш-аркак ээн- эркин турмуш кечирүүнү максат кылып коет. Классикалык даосизмден айырмаланып, Н. дао- эч нерсе эмес, бардык нерселер даодон эмес, ички себептерден эле пайда болот; «болмуш болмуш эместен туулат» формуласы Н. үчүн болмуш өзүнөн өзү эле пайда болот. Бирок Аалам такай кыймылда ж-а өнүгүүдө болгондой коом, адам, институттар, мораль өзгөрүүгө тийиш, өтүп жаткан учурга ылайыкташууга тийиш. Мындай процесс м-н макул болуу, табигый түрдө «аракеттенбөө» дегенди түшүндүрөт, процесске тоскоол болуу, эскиргенди сактоонун өзү эски иш (б. а. жасалма). Билим даанышманды тууроодон эмес, жаратылыштан индивидге табигый берилет. Бардык нерселер өз ара тең, барабар, улуу м-н кичүүдө, өмүр м- н өлүмдө, узун м-н кыска жашоодо ж. б. айырма жок. Н. уланып отуруп буддизмге сиңип, философиялык агым катары жок болуп кеткен.