НЕОКЛАССИЦИЗМ

НЕОКЛАССИЦИЗМ (фр. neo-classicisme) — антикалык мезгилдин, Кайра жара-луу доорунун ж-а классицизмдин классикалык традицияларынын негизинде 19-к-дын 2-жарымында — 20-к-дарда пайда болгон көркөм агымдардын жалпы аталышы. 1870-80-жылдары немецтик «неоидеалисттер» — сүрөтчүлөр Х. Маре, А. Фейербах, скульптор А. Хильдебранд турмуштун карама-каршылыктарына «түбөлүктүү» эстетикалык нормаларды каршы коюшкан. Классикалык традиция индивидуалисттик өзүм билемдикке каршы коюлган (20-к-да Франциядагы архитекторлор О. Перре, Германияда П. Беренс, Россияда И. В. Жолтовский, И. А. Фомин; француз скульптору А. Майоль, Россияда А. Т. Матвеев). Неоклассицизм м-н байланышкан Г ерманиядагы «жаңы заттуулук» ж-а Италиядагы «метафизикалык живопись» деп аталган агымдар адамдын дүйнөдөн жатыркап, чочуркап калгандыгын чагылдырышкан. Чындыктын апологиясы ме-нен 1910-20- жылдардагы Улуу Британиянын (Э. Лаченс) ж-а 1950-60-жылдардагы АКШнын (Э. Стоун) архитектурасындагы, 1930-жылдардагы америкалык живопистеги (регионализм) неоклассицизм тыгыз байланышкан. Неоклассицизмди көп учурда 17-к-дагы классицизмден айырмалан-ган 18-19-к-дагы классицизм деп да аташат. Адабий неоклассицизм (20-к-дагы француз акындарынын «роман мектеби») антикалык ж-а классицисттик трагедия м-н лирикага багыт алгандыгы, стилдин өтө баса көрсөтүлгөн адептүүлүгү, тактыгы ж-а түшүнүктүүлүгү менен айырмаланат да, декаданска да, реализмге да каршы маанай күткөн. Музыкадагы неоклассицизм бир бүтүн багытты түзбөсө да, 19-к-дын аягы — 20-к-дын башындагы музыкадагы тил менен формаларды бир кыйла татаалдаштырып жиберген айрым композиторлорго реакция катары пайда болгон. Мындай музыка Ф. Бузонинин, А. Казелланын, П. Хиндемиттин, И. Ф. Стравинскийдин чыгармаларында чагылдырылган. Эски, байыркы музыканын айрым формалары м-н стилисттик белгилерин калыбына келтирүү неоклассицизмде музыкалык тилди жаңылоо менен айкалыштырылган.