НЕОКОНФУЦИЙЧИЛИК

НЕОКОНФУЦИЙЧИЛИК (ли сюе — асмандын, жаратылыштын мыйзам, принциптери ж-дө окуу, же син- ли сюе — адамдын, нерселердин табияты ж-а табияттын мыйзамдары о. эле дао сюе -жолдор ж-дө окуу (дао цзяо — даосизмден айырмасы), кытай философиясында Сун (960-1279) династиясынын тушунда пайда болгон агым. Хань (б. з. ч. 206 — б. з. 220) мезгилиндеги классикалык тексттерди комментарийлөө м-н чектелген конфуцианчылыктан айырмаланып, сундун ойчулдары жаңы идеяларды ж-а түшүнүктөрдү иштеп чыгышкан, биринчи иретте и — ли (жалган м-н мыйзам) ж-а син-мин (жаратылыш м-н тагдыр); ушундан аталышы келип чыккан. Н-тин жолуна нук салган тан ойчулдары Хан Юй м-н Ли Ао (772-841) конфуцианчылыкты коргоп ж-а спекулятивдик метафизика ордуна этиканы өнүктүрүү жолуна салган. Н-тин негиздерин 10-11-к. «табигый мыйзамы туурасында илимдин үч устаты» — Сунь Фу, Ху Юан ж-а Ши Цзе тарабынан түптөлгөн. Алардын жолун улоочулардын ж-а шакирттеринин ишмердиги күчтүү агымга айландырган. Сун мезгилинде ар кайсы философтор тарабынан Н.-тын башкы алты концепциясы аныкталган, бирок бардык мектептер үчүн жалпы улуу чеги (тайцзи); принцип (ли-мыйзам), материалдык күч (ци), адамдын табияты, нерселердин табиятын түшүнүү (нерселерди изилдөө), адам сүйүү (жэнь) болгон. Түндүк сун конфуцианчылар өз ара жакын мамиледе болгон үчүн тигил же бул конкреттүү идеяда кимиси автор экенин такташ кыйын. Юань мезгилде (1280-1368), буддизмдин, кайсы бир бөлүк даосизмдин монгол хандарынын баш ийип турган-юань императорлорунун колдоосунда турган шартта Н. буддизм м-н даосизмдин ортосундагы талаш тартышта арбитрдин ролун аткаруу м-н өз позициясын сактап калган. Мин (1368-1644) династиясынын тушунда Н. жаңы өркүндөөгө ээ болду. Кытай мамлекеттүүлүгүнүн калыбына келтирилиши конфуцианчылык идеологиянын өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн. 1403-жылы императордун буйругу м-н конфуцийчиликтин каноникалык китеби комментарийи (түшүндүрмөсү) м-н басылган. 15-16-к. Конфуцийлик ойчулдар классиктерди кезектеги комментарийлөө ордуна ар бири окуунун негизги проблемаларына өз мамилесин иштеп чыгууга аракеттенишкен философиялык диспуттарды өткөрүүнүн борборлору (эң белгилүүсү — Дунлинь академиясы) түзүлгөн. Цинь мезгилинин ойчулдары (1644-1911) кайсы бир деңгээлде Хань мезгилинин философиялык түзүүлөрүн комментарийлеп келишкен. Н. 1949-ж КНР (КЭР) түзүлгөнгө чейин созулган.