НЕОМАРКСИЗМ

НЕОМАРКСИЗМ 20-к-дын 30-70-ж. марксизмди майда буржуазиячыл революциячыл позицияда туруп ревизиялоочу, бир тектүү эмес, карама-каршылыктуу агым. Ага марксизм м-н жаңы гегелчиликтин, ницщечиликтин ж. б. турмуштун философиясынын варианттарынын (көпчүлүгү Франкфурт мектебинин өкүлдөрү) элементтеринин, «солчул» экзистенциализмдин (Сартр), либерал-гуманисттик чечмелөө иретинде (Фромм) сыяктуу неофрейдизм м-н о. эле анархо-радикалдык духтагы социалдык саясий революция м-н тоталдык «сексуалдык-маданий» революциянын айкашуусунун (Г. Маркузе, В. Райх), структурализмдин (Л. Гольдман), философиялык герменевтиканын (Хабермас) ж. б. аралашмасы мүнөздүү. АКШ м-н Улуу Британияда 60-ж. Н. официалдуу социологияга ( Ч. Р. Милле, Н. Бирнбаум, А. Гоулднер ж. б.) каршы турган, сынчыл өзгөчө социологиялык тенденция иретинде чыкты. Н. адатта «философиялык антрополог» жаш К. Маркс м-н жетилген Марксты, «Капиталдын» авторун карама-каршы коюп, анын илимий билимге «романтикалуу эмес» ориентациясын сындашат. Н-дин философиялык оолактоо ж-а затташтыруу (материалдаштыруу) категориясына ашкере кумарлангандар апокалиптикалык бүткүл жалпылык деп билишет. Н. теоретиктери марксисттик диалектиканын барыга таандыктыгын танышат, анын маанисин коомго гана ыйгарышат. Вульгардык социологизмге жакындардын позициясынан жалпы методологиялык категориялар ж-а логика алсызданып (редуцируются), тарыхый ж-а социалдык-экономикалык кубулуштар м- н кызыкчылыктар таптык шартташкан бүткүл азыркы илим эксплуатациянын эң кылдат куралы, үстөмдүк кылуучу таптын колунда адамды басуунун эң терең булагы катары бааланат. Франфуркт мектебинин Н. концепциясына ылайык илимдин рационалдулугун аспаптай ашкере колдонулушунун натыйжасы, баарына алы жеткен адамдын табиятка, социалдык, маданий чөйрөсүнө үстөмдүгүн жүргүзүүсүнүн таламы ушундай. Натыйжада илимий аң-сезимдин алгачкы боштондукка чыгаргыч күчү баарынан өтө алган идеологияга адамдын адамга үстөмдүк жүргүзүү идеологиясына алып келди. Адата Н. марксизмди сциентисттик- позитивисттик ревизионизми үчүн айыптайт. Н. марксисттик коомдук илимдерди практикалык революциячыл багытын билимдердин мазмунун таптык кызыкчылыгынан көз карандысыздыгын, бүткүл объективдүүлүктү танууга жөндөмдүү деп бурмалашат. Либералдык позитивисттик объективизмге ж-а неокантианчыл «баалуулуктан эркин болууга» Н. волюнтаристтик «активизмди» — социалдык объектини таанып билбей, бирок социалдык өзгөртүүнүн каршы коет. Социалдык философиядагы ашкере тарыхый релятивизм ж-а субъективизм Н-ди мыйзам ченемдүү түрдө волюнтаристтик ж-а утопиялык саясий корутундуларга жеткирет. Н. «соңку капитализмдеги» ж-а «мамлекеттик социализмдеги» бардык жерде адамды басмырлаган жатыркоолордун, ар кандай жалган ж-а оомал-төкмөлүү аң-сезимдин бетин ачуучу универсалдуу сынчыл «аң-сезимдин» ролуна умтулат. Иш жүзүндө өз ичинен бөлүнүп-жарынган м-н да реалдуу социализмге маданий нигилизмдин, саясий экстремизмдин ж-а анархизмдин (ошону м-н «жаңы солчулдардын» кыймылындагы) каршы чыгуусунун теориялык негиздөөсү болгон. Н-дин саясий идеологиясы социалисттик өлкөлөрдүн ж-а жумушчу табынын революциячыл ролунун туура эместигин чагылдырган. Н. саясий күрөштө ж-а жаңы шартта коомду өзгөртүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчү деп «сынчыл интеллигенцияны» козголоңчул жаштарды, студенттерди, «үчүнчү дүйнөдө» болсо боштондук күрөшүн эсептейт. Н. дегенде чет элдик адабияттарда марксисттик фразаларды колдонгон бардык философиялык агымдарды түшүнүшөт.