НЕОПИФАГОРЕИЗМ

НЕОПИФАГОРЕИЗМ — б. з. ч. 1 к. — б. з. 3 к. байыркы грек философиясындагы ортоңку платонизм м-н тыгыз байланышкан багыт. Н. математикалык символизм методуна өз алдынча маани берди ж-а өзүнүн ой жүгүртүүсүндө төмөнкүдөй түшүнүктөргө таянды: жеке — көп, монада — диада, теңдештик — айырма, так — жуп, чекит — сызык, тегиздик — тело ж. б. О. эле аскетизм ж-а катартика идеалдарынын этикасы мейкиндигин өнүктүрдү. Александр Полигистордун пифагордук окууну баяндоосу б-ча (Диоген Лаэртий УШ 24-33) ж-а Секст Эмпириктин («Физиктерге каршы», «Против физиков» 11 248-284) ортоңку платонизмден айрмаланып, түпкү башталышты акыл (нус) эмес, монада — диада деп эсептешти. Евдор монада — диададан жогору Модерат (б. з. ч. 1 к.) бирдиктүүнү жайгаштырды, анын концепциясынын баяндалышынан неоплатониктер болмуштуулуктан сырт башталыш деп түшүнгөн. Модераттын экинчи бирдиктүүсү — бул идея-парадигмалар, жан — биринчи экөөнө тиешелүү үчүнчү бирдиктүү. Модераттын бул Платондун 2- «Каты» м-н күчөтүлгөндөй концепциясы «Пармениддин» идеясы м-н космогониялык миф «Тимейдин» кошулушунун натыйжасында келип чыккан. Нихомахтын (2-к. 2-жарымы) биринчи кудай (монада) диаданы тууган демиург катары, ж-а акыл — болмушту ж-а бардык нерселерди таануу принциби берилет. Нумений «атасы» (биринчи кудай акыл) м-н «жаратуучунун» (экинчи кудайдын) айырмасын — Платондун «Тимейиндеги» бирдиктүү демургдун эки эпитетин тапкан. Сөз Плотиндин устаты (окутуучусу) Аммонийдеги кудуреттүү акылгөй экстазда жетүүчү кудуреттүү жашагыч бирдиктүү ж-дө болуп жатат. Неоплатонизм пифагореизмдин бүт комплексин (математика, аскетика, катартика, мугалимдин «ыйык» статусу, мектептин негиздөөчүсү, тандалма «ыйык» тексттердин тегерегинде түшүндүрмө) Н. аркылуу өздөштүргөнүнө карабай Н. бара-бара филос-лык ойдун өз алдынча агымы болуусун токтотот.