НЕОПЛАТОНИЗМ

НЕОПЛАТОНИЗМ — миң жылдан ашуун убакыт ичинде өнүккөн антикалык философияны жалпылаган ж-а корутундулаган грек философиясынын акыркы формасы. Н-дин негиздөөчүсү болуп Аммоний Саккас (242- ж. өлгөн) эсептелет. Ал жазма эмгектерди калтырган эмес ж-а төмөнкүдөй идеялардын автору болуп саналат: платонизмди аристотелизм м-н айкалыштыруу; стоиктердин жандын материалдуулугу тууралуу окуусун сынга алуу; дүйнөнүн иерархиялуулугу тууралуу окуу. Н-дин тарыхый өнүгүүсүндө төмөнкүдөй этаптар м-н мектептер айырмаланышат: 1) Римдик мектеп (3-к.) — ал Н-дин спекулятивдик-теориялык системасын түзгөн. Анын негиздөөчүсү болуп Плотин эсептелет. Плотиндин болмуш тууралуу окуусунун негизинде төмөнкүдөй үч принцип коюлган: 1) болмуш иерархиялуу; 2) бардык нерселер рухий негизге ээ; 3) болмуштун негизи Жекелик, Акыл ж-а Жан сыяктуу үчилтик принциби боюнча түзүлгөн. Болмуштун бирдиктүү негизинин үч элементи тең өз ара эманация (лат. emanatio — агып түшүү) принциби м-н байланышкан. Анын окуучусу Амелийдин көз караштарында Кудай м-н конкреттүү нерселердин ортосундагы өтүү тепкичтеринин саны бир кыйла көбөйтүлгөн. Плотиндин башка окуучусу Порфирий Аристотелдин «Категориялар» деп аталган чыгармасына жазган комментарий болуп эсептелген «Киришүү» деп аталган маанилүү эмгектин автору болгон. Бул эмгек ж-а автордун башка комментарийлери латын, сирия, араб, армян тилдерине которулуп, аларда жалпы түшүнүктөрдүн табияты тууралуу маселе коюлган. Бул маселе кийин орто кылымдагы христиан философиясындагы универсалийлер тууралуу талаш тартыштын негизине коюлган. 2) Кичи Азиялык Н. (4-к.) — бул окуу спекулятивдик теориялардан баш тартпастан туруп практикалык мистиканы негизги максатына айландырган. Ал төмөнкүдөй эки мектептен турган: сириялык мектеп (Ямвлих, Феодор Асинский, Сопатр Апамейский, Дексипп) ж-а пергамдык мектеп (Эдемий Каппадокийский, Юлиан, Салмостий). 3) Н-дин системалаштыруу ж-а комментатордук этабы (5- 6-к. к.) — ал афиналык ж-а александриялык мектептерден турган. Афиналык мектепте (Плутарх, Сириан, Прокл, Дамаскин, Симпликий) теориялык кызыкчылыктар үстөмдүк кылган. 529-жылы император Юстиниан Н-ди окутууга тыюу салып, афиналык мектепти жапкан. Александриялык мектеп (Гипатия, Асклепиодот, Аммоний, Иоанн Филофон, Олимпиодор) Платонго караганда Аристотелге көп кызыгышкан. Бул мектеп логика ж-а илимдин чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдүн негизинде неоплатондук ж-а христиандык идеяларды жуурулуштурууга аракет кылган. 4) Латындык Н. (4-6-к. к.) — спекулятивдик теорияга кызыгуусу солгундап, римдик маданий жетишкендиктерди сактап калууга ж-а кийинки муундарга өткөрүп берүүгө көп көңүл бурган. Грек тилиндеги эмгектерди латын тилине которуу ж-а аларга латын тилинде комментарий жазуу аркылуу латын неоплатониктери (Халкидий, Мари Викторин, Макробий, Марциан Капелла, Боэций) антикалык философиянын орто кылымдарга карай сапар тартышына жол салышкан. Н. орто кылымдагы философияга зор таасир берген.