НЕОПОЗИТИВИЗМ

НЕОПОЗИТИВИЗМ — 20-к-дагы философиялык агым, позитивизмдин учурдагы формасы. Н. учурдагы илимдин жүрүшүндө пайда болгон философиялык-методологиялык актуалдуу проблемаларды, өзгөчө традициялуу философия талкаланып жаткан шарттагы философия м-н илимдин мамилесин, илимий ой жүгүртүүдөгү белгилер ж-а символдор сыяктуу каражаттарынын ролун, илимдин теориялык аппараты м-н эмпирикалык базисинин өз ара алакасын, билимди математикалаштыруу ж-а формализациялаштырунун табияты м-н функцияларын анализдөөгө ж-а чечүүгө талаптанган философиялык окуу катары пайда болгон ж-а өнүккөн философиялык агым. Дүйнөгө көз караштык проблемаларды теориялык таанып билүүдө философиянын мүмкүнчүлүктөрүн четке кагып, аны илимге каршы коет. Н. билимди же илимий, философиялык, күнүмдүк тилди логикалык же лингвисттик анализдөөнүн методун иштеп чыгууну өз милдетине айландырган. Н-дин алгачкы идеялары Вена ийриминде пайда болгон. Вена ийриминин мүчөлөрү национал-социализмден Англияга ж-а АКШга качып, ал жерлерде окутуучулук ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүккө байланыштуу, о. эле Б. Расселдин, логистиканын ж-а учурдагы теориялык физиканын күчтүү таасири астында Н. чет өлкөлөргө тез тарап кеткен. Н-дин негизги өкүлдөрү болуп Мориц Шлик, Рудольф Карнап, Людвиг Витенштейн ж-а Ханс Рехенбах эсептелишет. Н-дин өкүлдөрү учурдагы формалдуу логиканын, семиотиканын ж-а илимдин логикасынын өнүгүшүндө зор роль ойношкон. Н. окууларынын жыйындысын алардын өкүлдөрү унификацияланган илим деп аташат.