НЕОРАЦИОНАЛИЗМ

НЕОРАЦИОНАЛИЗМ — 20-к-дын 1-жарымында Францияда ж-а Швейцарияда пайда болгон илимдин методологиясындагы ж-а философиясындагы негизги агым. Негизги өкүлдөрү — Башиар, Г онсет, Мейерсон. Айрым учурларда Н-ге Пиажени, Ж. Ульмону, англо-америкалык илимдин философиясы м-н методологиясынын сын рационализминин, француздук структурализмдин өкүлдөрүн киргизишет. Н-дин негизги уюму — «Рационалисттер союзу» 1930-жылы негизделип, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Н. учурдагы табият таануу илимдеринин практикасын, өзгөчө анын өнүгүшүндөгү дедуктивдүү илимдердин ролун изилдөө аркылуу жаңы илимий акыл-эсти, илимий духту түзүүнү өз милдетине айландырган. Н. үчүн чыныгы рухий күч, аракеттеги акыл-эс болуп учурдагы физика ж-а анын фундаменталдуу ачылыштары эсептелишет. Н. окуулары боюнча физика канчалык деңгээлде метафизикалык ж-а иррационалисттик көмүскө сезимдерден арылса, ал ошончолук башка илимдердин, анын ичинде философиянын өнүгүшүнө көмөк бере алат. Н. биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки илимий көз караш кризиске батып, скептикалык ж- а мистикалык пикирлер үстөмдүк кылып жаткан заманда калыптанган. Дал ушул заманда Н. Агартуу доорунда калыптанган илимий билимдер м-н бүгүнкү күндүн улануучулугун (преемственность) орнотууга, илимди прогрессивдүү социалдык күч катары даңазалоого, жаңы илимий рухтун адам турмушунун ар кандай чөйрөлөрүнө жайылтууга аракет кылган. Мындай милдеттердин актуалдуулугу бүгүнкү күнгө чейин курч бойдон сакталууда. Билимдерди априордуу схеманын жардамы аркасында негиздөөгө аракет кылган классикалык рационализмден айырмаланып, Н. туюунун тарыхый өзгөрүп туруучулугун эске алат ж-а тарыхый-илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө диалектикалык идеяларды колдонот. Илимий туюунун позитивисттер тарабынан сунуш кылынган тар маанидеги эмпирикалык концепциясын четке кагуу м-н Н. акыл-эс м-н тажрыйбанын субстанционалдуу мүнөздөгү традициалуу метафизикадан ж-а мистикадан сырткары жаңыча түрдөгү диалогун түзүүгө аракет кылат. Н-дин негизги жоболору төмөнкүлөр: 1) онтологиялык жобо: реалдуулуктун жалпы детерминациясы, б. а. акыл м-н туюлуп, баамдалып жаткан реалдуулук чегиндеги себептердин аракетин таанып билүү; 2) гносеологиялык жобо: «рационалаштырылган» реалдуулукту же «экинчи тартиптеги реалдуулукту» акыл м-н таанып билүүнүн мүмкүнчүлүгү; 3) методологиялык жобо: кеңири мааниде түшүнүдүргөн эксперименттик методдун универсалдуу маани-маңызы; 4) тарыхый жобо: туюудагы прогрессти ж-а рационалдуу ойдун коомдун турмушу м-н өнүгүшүндөгү эбегейсиз зор маанисин моюнга алуу.