НЕОФРЕЙДИЗМ

НЕОФРЕЙДИЗМ — психологиянын, психиатриянын, социологиянын ж-а философиянын негизинен АКШда кеңири тараган багыты. Негизги өкүлдөрү болуп Г. Салливан, К. Хорни ж-а Э. Фромм эсептелишет. Айрым учурда Н-ге А. Кардинер, Ф. Александер ж. б. психоанализмдин айрым өкүлдөрүн киргизишет. Алардын башын бириктирген негизги себептер болуп фрейдизмдин идеялары м-н жоболорун (өзгөчө фрейдизмдин коомдук көрүнүштөргө карата психологизм жобосу) жактоочулук, о. эле Фрейддин окуусун социологизациялоо багытында кайра өзгөртүп түзүүгө болгон далалат эсептелет. Мындай маанайдагы Н-дин негизи психоанализ окуусун бөлүп-жарган А. Адлер, О. Ранк, В. Райх, К. Г. Юнг өңдүү ойчулдар тарабынан түзүлгөн. В. Райхтан башкалары Фрейддин биологизмин, сексуалдык детерминизмин ж-а инстиктивизмин толугу м-н четке кагышкан, аң-сезимсиздикке анчалык жогору баа беришкен эмес. Н-дин калыптанышына Р. Бенедикт, К. Дюбуа, Б. Малиновский, Р. Линтон, М. Мид, Э. Сапира, И. Халлоуэл сыяктуу этнографтардын этнопсихикалык изилдөөлөрү зор таасир берген. Мис., Б. Малиновский Фрейд сүрөттөгөн «Эдип комплекси» андай деле универсалдуу эмес деген тыянакка келген. Фрейд тарабынан маданияттын өзгөчөлүктөрүнөн толук бойдон көз каранды болгон психиканын өзгөчөлүктөрү өзгөрбөс деп баса белгилесе, Р. Бенедикт м-н М. Мид адамдын табиятынын ийкемдүү (пластикалуу) экендигин практика жүзүндө далилдешкен. Тарбиялоонун өзгөчөлүк ыкмалары кандайдыр бир этно-маданий жамааттын өкүлдөрүнүн мүнөзүндөгү типтүү белгини жаратат. Мындай белгини А. Кардинер «базалык инсан» деп атаган. Базалык инсандын концепциясы маданияттан индивидге карай өтүүнү гана эмес, маданиятты индивиддин негизинде түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүгүн да пайда кылган да, маданиятты базалык инсандын ички проекциясына айландырган. К. Хорни 1932-жылы АКШга эмиграцияга кетет да, Америка континентиндеги жин оорулуу пациенттер Германия м-н Австриядагы ушундай эле оорудан жапа чеккен пациенттерден түп-тамырынын айырмаланышкандыгын байкаган. Бул фактты изилдөө аркылуу К. Хорни Фрейддин инстинкттер тууралуу теориясынан баш тартып, психопатологиянын социомаданий факторлор м-н шартталгандыгын ачууга мүмкүндүк алган. Фрейддин биологизмине шартталган өтө терең методологиялык жаңылыштыктарынын катарына К. Хорни анын дуалисттик ж-а механикалык-эволюциялык ой жүгүртүүгө болгон ынтаасын атаган. Бирок, неофрейдисттер адамдын ишмердүүлүгүндөгү аң-сезимсиз ж-а эмоциялуу мотивациялардын идеясын жактап кала беришкен. Психоаналитикалык методдун өзөгүн сактап калуу м-н неофрейдисттер аны «маданий» жобонун позициясында чечмелөөгө аракет кылышкан. Каалагандай психопатология салыштырмалуу мүнөзгө ээ ж-а берилген маданият үчүн өзгөчөлүк болуп саналат. Ар бир невроз ички конфликттен пайда болот. Конфликттин негизинде индивиддин социалдык чөйрөсү м-н байланышкан мотивдер ж-а ниеттер жатат. Ошол эле учурда неврозду пайда кылган жалпы ж-а өзгөчөлүк эмес фактор да бар. Мындай фактор болуп инсандын бала чагындагы коркуу сезиминин, өзүнө чоочун дүйнөнүн алдындагы алсыздыгынын («базалык сар-санаа») тарбия тарабынан оң же терс тарабынан өрчүшүп кетиши. Терс тарабынан өрчүгөн сар-санаанын натыйжасында индивид көп сандаган коргонуу реакцияларын колдонууга мажбур болот. Аталган реакциялар негизинен анын мүнөзүнүн невроздорго ынтаа экендигин аныктайт.

Неофрейдисттер невроздук мүнөздүн бир нече түрүн сүрөттөп жазышкан ж-а ХХ к-дын адамдарынын жашоо образы үчүн мүнөздүү болгон невроздук конфликттерди анализдешкен.