НЕОЭВОЛЮЦИОНИЗМ

НЕОЭВОЛЮЦИОНИЗМ — 19-к-дагы Г. Спенсер, Э. Б. Тайлор ж. б. изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде иштелип чыккан эволюционизм идеяларын учурдагы софиологиянын, культурологиянын, социалдык антропологиянын чегинде кайрадан карап чыгуунун бир нече варианттарын белгилеген термин. Н. агымдарынын ичинен эволюциялуу «маданий материализм» (Л. Уайт, Л. Бинфорд, Г. Чайлд, Дж. Стюарт, М. Харрис ж. б. америкалык культурантропологдор ж-а археологдор) ж-а эволюциялык функционализм (Т. Парсонс, Р. Белла, Н. Смелсер ж. б.) багыттары белгилүү. Эволюциялык функционализмдин өкүлдөрү маданияттын техникалык-экономикалык базасынын тарыхына өзгөчө көңүл бурган ж-а эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн татаалданышынын негизинде структуралык дифференциациага учураган, Г. Спенсер м-н Э. Дюркгеймдин универсалдуу моделин андан ары өнүктүрүшкөн. 19-к-дагы эволюционизмден айырмаланып, Н. маданияттагы локалдуу өзгөрүүлөрдүн принцибин киргизген. Жалпы эле адам маданиятынын өнүгүшүндөгү локалдуу өзгөрүүлөр процессин ж-а тенденцияларын айырмалоо м-н маданий- антропологиялык Н. «өзгөчөлүү» ж-а «жалпы» эволюция түшүнүктөрүн киргизген. Адам маданиятынын пайда болушун ж-а анын өнүгүшүн түшүндүрүү үчүн Н-дин өкүлдөрү атайы илимдердин соңку жетишкендиктерин, о. эле приматтарды ж. б. окуп-үйрөнүүдө колдонулуучу салыштырма этология, классификация ж-а салыштыруу сыяктуу эмпирикалык изилдөөлөрдүн натыйжаларын пайдаланат.