НИГИЛИЗМ

НИГИЛИЗМ (лат. nihil — эч нерсе) — коомдук турмуштун нормаларын, моралдык принциптерди, маданият мурастарын тануу, жерүү, өгөйлөө. Термин Генрих Якоби тарабынан киргизилгендигине карабастан, И. С. Тургеневдин «Аталар ж-а балдар» (1862) деп аталган романына байланыштуу кеңири белгилүү болгон. В. Даль өзүнүн «Улуу орус тилинин түшүндүрмөлүү сөздүгү» деп аталган атактуу эмгегинде Н-ди төмөнкүчө атаган: «Н. туюуга мүмкүн болбогон нерселердин баарын четке каккан бузуку ж-а адепсиз окуу болуп саналат». Ницщенин окуусунда Н. деп баалуулуктар м-н рухий байлыктардын арылтуучу ж-а адамзатты тукум курут кылууга алып барган себеп түшүндүрүлөт. Н. жашоонун маңызын жоготконго барабар: «Бийик баалуулуктардын кадыры кетет. Максат жокпу, демек, «Эмне үчүн?» деген суроого да жооп жок». Ницще европалык Н-дин тарыхын Сократ м-н Платондун философиясынан баштаган. Анткени, аталган философтор алгачкылардан болуп стихиалуу формадагы дионисийлик маданиятты жерип, рационалдуу маданиятты орното башташкан. Хайдеггер Н. ой жүгүртүүнүн европалык ыкмасына мүнөздүү ж-а ал европалык адамдын дүйнөгө, табиятка ж-а коомго үстөмдүк кылуу ниети м-н байланыштуу деген пикирде болгон. Н-дин төмөнкүдөй формалары бар: 1) теориялык Н. — ал чындыкты таанып билүүнүн мүмкүндүгүн танат; 2) этикалык Н. — ал рухий баалуулуктар м-н жүрүм-турум нормаларын четке кагат; 3) саясий Н. — ал каалагандай коомдук түзүлүшкө каршы чыгат. Өз мазмуну боюнча Н. ашынган скептизмдин бир формасы, догматизмге (кызыл-кекиртек) ж-а маңызсыздыкка каршы реакция болуп саналат. Н. коомдук-тарыхый өнүгүүнүн кризистик мезгилде кеңири жайылтылат.