НИГИЛИЗМ. НИГИЛИСТ

НИГИЛИЗМ (лат. Nihil – эч нерсе) – бардык кабыл алынган баалуулуктарды, идеяларды, моралдык нормаларды,  маданиятты, коомдук турмуш формаларын тануу. Коомдук-тарыхый өнүгүү процессинин кризис доорунда Н. өзгөчө  таралып кетет. Н. же майда-буржуазиялык-бунтардык, анархиялык (Штирнер), же жаңыдан байыган таптардын  идеологиясы (Ницше, экзистенциализм, декадентчилик) катары чыгат. Өткөн кылымдын 60-ж. орус разночиндеринин Нин дворяндык маданияттын реакциячыл салттарына каршы багытталгандыктан прогрессивдүү мааниге ээ болгон.

НИГИЛИСТ И. С. Тургеневдин «Аталар жана балдар» (1862) романынын каарманы Базаровго карата колдонулган жана  ушундан кийин Россияда кеңири таралган түшүнүк. Н. – бул дворяндык маданияттын принциптерин жана салттарын  танган, ХIХ к. 60-ж. разночиндик интеллигенциянын өкүлү. Ал мезгилде революциячыл демократияга каршы болгондор  революцияны жактоочулардын бардыгын тең Н. деп атай башташкан.